Кытайлыктар узак жашай баштады

Синьхуа агенттиги жазгандай, КЭРдин Мамлекеттик саламаттыкты сактоо комитети шейшемби күнү жарыялаган документте 2024-жылы Кытайда орточо күтүлгөн өмүрдүн узактыгы 79 жашка жеткени айтылды.

Кытайдагы саламаттыкты сактоонун өнүгүшү боюнча статистикалык бюллетенде белгиленгендей, 2024-жылы энелер менен балдардын ден соолугунун абалы тынымсыз жакшырды: төрөт учурунда аялдардын өлүм-житим коэффициенти 100 миңге 14,3 учурга чейин төмөндөп, ымыркайлардын өлүм-житим деңгээли миң тирүү төрөлгөнгө 4 промиллеге түштү.

Өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагындагы ресурстар өсүүнү улантууда. Былтыркы жылдын аягында өлкөдө 1 млн 93 миң 551 санитардык-медициналык мекеме катталган, бул 2023-жылдын жыйынтыгына караганда 22 миң 766га көп. Медициналык кызматкерлердин жалпы саны 13,02 млн адамды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 531 миңге көбөйдү.

Документте ошондой эле 2024-жылы Кытай боюнча амбулатордук жана стационардык кайрылуулардын жалпы саны 10,15 млрд жолу болгондугу, бул өткөн жылга караганда 600 млн жолу көп экени айтылат. Бул саламаттыкты сактоо кызматтарынын кеңейип жатканына жана алардын эффективдүүлүгү жогорулап жаткандыгын далилдейт.

Бюллетенге ылайык, медициналык тейлөөгө кеткен чыгымдарды көзөмөлдөөдө да ийгиликтерге жетишилген. 2024-жылы стационарда болуунун орточо баасы 9870 юанды (АКШнын болжол менен 1394 доллары) түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 4,3% төмөндөгөн. Өткөн жылы амбулатордук дарылоонун орточо баасы 361 юань болуп, 2023-жылга караганда 0,2% азайган.