Тажикстан менен Афганистандын ТИМ башчылары чек арада Кытай жарандарына болгон кол салууларды талкуулашты

2-декабрда Тажикстан менен Афганистандын тышкы иштер министрлери — Сирожиддин Мухриддин жана Амир Хан Муттаки — чек арада адамдардын курман болушуна жана коопсуздук маселелерине байланыштуу телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу Pajhwok агенттиги маалымдады.

Амир Хан Муттакинин айтымында, акыркы убактарда Кабул менен Душанбенин ортосунда ишенимге негизделген жакшы атмосфера түзүлө баштады, бирок айрым күчтөр бул процессти бузууга аракет кылууда. Ал региондогу туруктуулукту сактоо үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, Афганистан чек араны коргоону бекемдөөгө жана биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүүгө толук даяр экенин билдирди. Муттаки бардык багыттар боюнча кызматташууну координациялоого даяр экенин баса белгиледи.

Сирожиддин Мухриддин Тажикстан Афганистан өкмөтү менен позитивдүү өз ара аракеттенүүнү жактай турганын айтты. Ал эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүнү көздөгөн  топтордун аракеттерин айыптады.

Министрлер эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын үзгүлтүксүз байланышы зарылдыгын колдоп, коопсуздук жаатында кызматташуу боюнча биргелешкен комитеттерди түзүү жөнүндө макулдашышты.

Бул сүйлөшүүлөргө себеп болгон окуялар — акыркы жумада Тажикстан–Афганистан чек арасындагы чабуулдар, алардын кесепетинен беш кытай жараны курман болгон. 26-ноябрда «Шохин СМ» тоо-кен ишканасынын үч кызматкери дрон соккусунан каза болгон. 30-ноябрда China Road and Bridge Corporation компаниясынын эки кызматкери афган аймагынан аткылоонун натыйжасында өлтүрүлгөн.

30-ноябрда кечинде Тажикстандагы Кытайдын элчиси Го Чжицзюнь Тажикстандын тышкы иштер министри жана УКМКнын төрагасынын орун басары менен чукул сүйлөшүү өткөрүп, кытай жарандарынын жана бизнесинин коопсуздугун күчөтүүгө чакырды. 1-декабрда Кытай элчилиги WeChat аркылуу, өзгөчө алтын казып алуу компанияларына, кооптуу аймактардан кызматкерлерди шашылыш чыгарып кетүүнү сунуштады. Башка жарандарга чек ара райондорунан убактылуу оолак болуу сунушталды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Афганистандан жасалган чабуулдарды айыптап, кырдаалды турукташтыруу үчүн тийиштүү органдарга чара көрүүнү тапшырды. Өз кезегинде Афганистанды башкарган талибдер да бул чабуулдарды айыптап, аларды чагымчылдык деп атап, биргелешкен иликтөөгө даяр экенин билдиришти.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Душанбе Москва жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) менен чек араны күзөтүүгө россиялык күчтөрдү тартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо.

Мындан мурда, 2024-жылдын 28-ноябрында, Астанада өткөн ЖККУ саммитинде Тажикстан–Афганистан чек арасын бекемдөөгө багытталган Максаттуу мамлекеттер аралык программасы бекитилген. Он жылдан ашуун даярдалган бул программа беш жылга эсептелген жана үч этаптан турат. Биринчи этап (бир жылдай) керектөөлөрдү талдоо жана мүчө мамлекеттер бөлө турган ресурстарды аныктоого арналган. Практикалык иштер экинчи жана үчүнчү этаптарда башталат. 2025-жылдын июль айында ЖККУ Катчылыгы Тажикстандын чек арачыларына берилчү куралдардын жана техниканын тизмесин бекиткен, ал жабдуулардын жеткирилиши 2026-жылы башталары күтүлүүдө.