Мадуронун Трампка берген курч жообу

Күчтүү Түндүк сүйлөйт, Түштүк жооп берет деген дүйнөлүк саясатта тааныш көрүнүш. Бирок бул жолу Каракастан чыккан жооп коргонууга да, эмоцияга да негизделген эмес — ал тынч, бирок курч болду. Венесуэланын президенти Николас Мадуро түздөн-түз Дональд Трампка кайрылып, эң сезимтал жерге тийди.

Мадуронун айтымында, Трамп өз билдирүүлөрүнүн жана сөздөрүнүн болжол менен 70 пайызын Венесуэлага арнап жатат. Анын көңүлүнүн 70 пайызы башка өлкөгө бурулуп жаткан учурда Кошмо Штаттардын өзүнүн ичинде социалдык бөлүнүүлөр, жумушсуздук жана турак-жай кризиси уланууда.

Мадуро көтөргөн суроо жөн гана риторикалык эмес, саясий айыптоо: эгерде президенттин көңүлү дайыма сыртта болсо, анда өз эли кайсы орунда калат?

Мадуро революциялык талаптарды койгон жок. Ал концентрация жөнүндө айтып жатат. Анын түшүнүгүндө, мамлекетти башкаруу — бул өз өлкөңө кам көрүү, экономикалык жана социалдык күчтөрдү мобилизациялоо, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү уюштуруу.

Акыл-эси башка мамлекеттерди башкаруу менен алек болгон президент сөзсүз түрдө өзүнүн өлкөсүнө көңүл бурбайт. Бул логика идеологияга караганда мамлекеттик реализмге көбүрөөк таандык.

Билдирүүнүн тону өзгөчө көңүлдү бурат. Коркутуу да жок, ураан да жок. Мадуро Венесуэла ар дайым тынч жана урмат-сыйга негизделген диалогго даяр экенин белгилейт. Анын пикиринде, улуттук суверенитет жана диалог бири-бирине карама-каршы келбейт. Четке кагылган нерсе — мамлекеттерди сырттан соттоп, аларды мыйзамдуулуктан ажыратууга, ал тургай аларды кулатууга укук берген “моралдык империализмдин” бир түрү.

Мадуро ошондой эле АКШнын ички контекстине көңүл бурат. Анын пикиринде, америкалыктар тышкы кийлигишүүлөргө, чексиз согуштарга жана режим алмаштырууга каршы добуш беришкен. Алар башка өлкөлөрдүн суверенитетин сыйлаган, адамгерчиликке жакын жаңы Американы каалашат. Бул көз караш талаштуу болушу мүмкүн, бирок карама-каршылык ачык көрүнөт: элдин атынан сүйлөгөн бийлик элдин согуштан жана кийлигишүүдөн чарчаганын эске албай келет.

Вашингтон кысымды күчөтүп, санкцияларды кеңейтип, Венесуэла бийлигин “чет элдик террордук уюм” деп атаган шартта, Каракас башка картинаны көрсөтүүгө аракет кылууда. Мадуро өлкөнүн экономикасы турукташып жатканын айтып жатат. Анын айтымында, Венесуэлада жыйырма чейрек катары менен 5 пайыздык өсүш, ал эми быйыл өсүш 8 пайызга жетиши мүмкүн. Бул сандар жөн эле маалымат эмес — алар «Венесуэла толугу менен кыйрап калган мамлекет» деген сөздөргө атайын каршы коюлуп айтылып жатат.

Экономикалык багытта Мадуро ишенимдүүлүккө басым жасайт. Саясий чыңалуу күчөгөн маалда да келишимдер сакталууга тийиш — анын ичинде Chevron компаниясы менен түзүлгөн келишим. Бул жөн гана экономикалык билдирүү эмес, Кытайга, Индияга, Европага жана инвесторлорго багытталган саясий белги: Венесуэла өзүн эрежелерди билген жана өнөктөштүккө ишенген оюнчу катары көрөт.

Ошол эле маалда АКШ менен Венесуэланын ортосундагы чыңалуу күчөп баратат. Трамптын “Мадуронун кетиши акылга сыярлык болмок” деген билдирүүсү Каракаста ачык кийлигишүү катары кабыл алынууда. Венесуэла бийлиги деңиз блокадасы, экономикалык басым жана моралдык саясаттын атын жамынган улуттук ресурстарды тартып алуу коркунучу жөнүндө ачык айтууда.

Бул жерде эки саясий дүйнөтааным кагылышууда: бир жагынан таасир чөйрөлөрүнүн логикасы, экинчи жагынан мамлекеттик автономияны талап кылуу. Мадуро Трамптын Венесуэлага болгон ашкере көңүлүн негизги суроого айлантты: тышкы саясат ички чечилбей келген кризистердин ордун басып жатабы? Буга жооп азырынча белгисиз. Бирок бир нерсе анык: президент өз өлкөсүнөн да башка мамлекет жөнүндө көбүрөөк сүйлөгөндө, бул көбүнчө каршылаш тараптын алсыздыгын эмес, өз ичиндеги боштуктарды ачып жатат.

Кариб деңизиндеги чыңалуу

АКШ бир нече айдан бери Венесуэлага карата басым көрсөтүү кампаниясын жүргүзүп жатат. Анын алкагында миңдеген аскер кызматкерлерин жана авианосецтик сокку уруучу топту Кариб деңизине жайгаштырылып, баңги заттарды ташып жатат деген шылтоо менен кемелерге сокку урулуп жана Венесуэланын президенти Николас Мадуронун дарегине бир нече ирет коркутуулар айтылды.

Буга чейин Трамп санкцияга алынган жана Венесуэлага багыт алган бардык мунай танкерлерине блокада киргизген. Ошондой эле ал Венесуэладагы азыркы бийликти чет элдик террористтик уюм катары тааный турганын жарыялаган.

Каракастын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 2-сентябрынан 18-декабрына чейин америкалык күчтөр Кариб деңизинде жана Тынч океандын чыгыш бөлүгүндө жарандык кемелерге каршы 28 куралдуу чабуул жасаган. Анын кесепетинен 104 адам “сотсуз өлтүрүлгөн”, бул болсо адамдын жашоого болгон укугун жана эл аралык гуманитардык нормаларды одоно бузуу катары бааланууда.