Мексиканын борбор шаары абдан тез ылдый чөгүп баратат.
Бул тууралуу АКШнын Улуттук аэронавтика жана космосту изилдөө башкармалыгынын (NASA) маалыматына таянып, CNN телеканалы кабарлады.
Жер бетин радиолокациялык изилдөө үчүн арналган NISAR спутнигинен алынган жаңы сүрөттөр Мехико шаары жайгашкан жер катмары тез чөгүп жатканын көрсөттү. Жылдык чөгүү деңгээли 10 см.ден 24 см.ге чейин жетет. Айрыкча Бенито Хуарес атындагы эл аралык аэропорттун аймагында жана борбордун башкы проспектиндеги «Көз карандысыздык периштеси» эстелигинин жанында жер эң ылдам ылдыйлап жатат.