Москвада 9-майдагы Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Кызыл аянттагы парадга катыша турган чет элдик коноктордун тизмеси Кремлдин сайтында жарыялады. Расмий маалыматка караганда, Кремлдин бул тизмеси акыркы жылдардагы эң кыскасы болду.

Парадка Абхазиянын президенти Бадра Гунба, Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Лаостун президенти Тонглун Сисулит жана Түштүк Осетиянын президенти Алан Гаглоев катышат. Ошондой эле Малайзиянын Жогорку башкаруучусу Султан Ибрагим, президент Синиша Каран жетектеген Серб Республикасынын жетекчилиги жана республиканын мурдагы башчысы Милорад Додик менен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо да Москвада болушат.
РБК басылмасы маалымдагандай, Россиянын президенти Владимир Путин аталган мамлекет башчыларынын ар бири жана Серб Республикасынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Алардын ичинен Беларус президенти Александр Лукашенко Путин менен жолугушуусу 9-майга пландаштырылбаган. Алар 8-май күнү кечинде достук кечки тамак учурунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул билдирүүнү Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков тактаган.

“Ушаков Россия тарап быйыл Жеңиш күнүн белгилөөгө чет элдик конокторду атайын чакыруу жөнөтпөгөнүн белгиледи. Президенттин жардамчысынын айтымында, бир нече чет элдик лидерлер 9-майда өз демилгеси менен Москвага баруу каалоосун билдиришкен” – деп жазды РБК.
Vedomosti.ru агенттигинин маалыматы боюнча, Саат 9:45те Россиянын президенти менен расмий тосуп алуу аземи өтөт, андан кийин делегациялар Жеңиш күнүнө арналган парадга катышуу үчүн Кызыл аянтка жөнөшөт.
“Параддан кийин Путин чет элдик лидерлер жана ардагерлер менен бирге Александр багындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коёт. Андан кийин Кремлде Россиянын президентинин атынан салтанаттуу кабыл алуу өтөт”, – деп айтылат маалыматта.
7-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу Москвадагы Жеңиш күнүнө катышпай турганын жарыялаган. Ал бул тууралуу Путинге алдын ала кабарлаганын билдирген.

Эскерте кетсек, 2025 -жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата өткөн парадка 20дан ашык өлкөлөрдүн лидерлери катышкан.
Алардын арасында Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери жана Африка, Латын Америкасынан келген өнөктөш мамлекеттердин лидерлери да болгон.
Анда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларын жана аскер бөлүктөрүн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата 9-майда Россиянын президенти Владимир Путин Москвага жеке чакырганы такталган.
Кошумчалай кетсек, 2026-жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 81 жыл толот.