Абакта жазган эмгектери ааламга тараган аалым Имам Сарахси ким болгон?

Имам Сарахси – орто кылымда Кыргызстандын түштүк аймагындагы Ош облусунун Өзгөн шаарында жашап өткөн даңазалуу аалым болгон. Анын атактуу эмгектери да ушул шаарда, болгондо да зынданда жатканда жазылып, ааламга тараган. Анын сөөгү ушул Өзгөн шаарына коюлган. Алдыда Имам Сарахси тууралуу кыскача маалыматтардын топтомун окуңуз.

Анын толук аты-жөнү – Абу Бакр бин Мухаммад бин Ахмад бин Аби Сахл Ас-Сарахси болгон. “Бин” деген сөз кыргызчага “уулу” же “баласы” деп которулгандыктан, демек анын толук атына үч атасы кошо жазылганы белгилүү болот. Ал эми “Сарахси” деген туулган мекенин билдирет. Тагыраагы: “сарахсийлик” деген мааниде. Сарахс шаары – Караханид дөөлөтүнүн Марв жана Нишапур шаарларынын аралыгында, азыр эми Иран чек арасын Түркмөнстандан ажыратып турган Теженд дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Биздин каарман ошол жерде 1009-жылы жарык дүйнөгө келген.

Ошол учурдагы эл балдарын соода сатыгы кенен жүргөн чоң шаарлардагы диний билим берүү менен алектенген медреселерге берип, билимдүү кылууга аракет кылышкан. Андай балдар кербендерге кошулуп, дервиштик жашоо кечиришип,. акыры көздөгөн жерине жетип, билимин мусулманчылыкты окуу менен башташкан. Имам Сарахси да ушундай жашоону баштан кечирип, Борбор Азиядагы ошондогу илим-билимдин очогу делген Бухара шаарына барат. Ал жерден Абдул Азиз ал-Халваний аттуу имамдан көп жылдар бою билим алган жана анын эң мыкты окуучуларынын бири болгон.

024

Имам Сарахсинин саясий турмушу жана камалышы

Имам Сарахси Караханиддердин каганаты күчөп турган учурда жашаган. Бул мезгилде мусулмандарга сыноолор күчөгөн учур эле. Бир тараптан кресттүүлөр сыяктуулардан келген тышкы коркунучка туш болсо, экинчи тараптан өз ара араздашууларга Ислам дүйнөсүнүн бөлүнүшүнө түрткү берген. Ошол мезгилде Караханид төбөлдөрү аалымдарга тынымсыз кысым көрсөтүп, айрымдарын зынданга сала башташкан.

Букарадан билим алып, эл-жер көрүп келген жаш, курч жигит сарахсиликтердин оор абалына бушайман болуп, өлкө жетекчилигинин мындай ээнбаштыгына каршы чыгат. Сарахси мамлекеттик саясаттын айрым чектен чыккан көрүнүштөрүн сынга алып, салык төлөөгө каршы фатваларды чыгара баштайт. Бирок акырындап жүрүп отуруп, ага каршы кутум уюштурулат. Шаардын өкүмдары Хакан Амир Хасанга имам Сарахси мамлекетте төңкөрүш уюштуруп жатканы тууралуу кабар жеткирилет. Мындан улам аким имамдын 64 жаштагы курагына, илим жолунда жетишкен ийгиликтерине карабай, куугунтукка ала баштайт.

Куугунтук 1073-жылы аны сүргүнгө айдоо менен уланат. Сүргүн катары Караханид дөөлөтүнүн эң четки шаары – Жазы жана Тар дарыяларынын ортосундагы азыркы Өзгөн шаары тандалат. “Ал Мабсут” деген китебинде кийин жазгандай: “Жарык чачкан, чындыкты айткан, ушул себептен зынданга ташталган, жалганды жок кылууну каалаган, ошол себептен камакка алынып сүргүнгө айдалган жана элден куулган…” Сарахси, элдин көйгөйүн айтканы үчүн чыга алгыс зындандан орун алат.

Зынданда жазылган китептер

Түрмө анын күчтүү рухун, бекем ишенимин сындыра алган эмес. Тескерисинче, ал жер эң мыкты чыгармаларды жазууга жакшы шарт түзгөн. 15 жыл аралыгында «Аль-Мабсут», «Усуулул фикх», «Шархус сиярул Кабир», «Зиядатуз Зиядат», «Шарху Жамиис Сагииир», «Шарху Жамил Кабир» сыяктуу китептерди жазган.

Түрмөдө ал 15 же 16 жыл отурган деп айтылат. Ал жакта кагазы да, калеми да болбогондуктан, ошончо жыл тешиктен шыкаалаган шакирттерине эмгектерин оозеки айтып берип, жаздырчу экен. Анын калтырган китептерин биринин үстүнө бирин тизсе, адам боюнан да бийик болмок дешет.

Ал бир катар көрүнүктүү аалымдары да тарбиялаган. Анын эң мыкты окуучуларынын арасында Усман бин Али бин Мухаммад бин Мухаммад бин Али Абу Умар аль-Байканди аль-Бухари, Абу Бакр Мухаммад бин Ибрахим аль-Хасари, Шамсул Аймма Махмуд бин Абдил Азиз аль-Узганди, Бурханул Аймма Абдул Азиз бин Мааза, Масъуд бин Аль-Хусейн бин Мааза, Масъуд бин Аль-Хусейн бин Мухаммад бин Мухаммад бин Мухаммад бин Хаштни Иб сыяктуу аалымдар болгон.

Сарахсинин илимий эмгектеринин жазылышы азыркы адамдарды да таң калтырат. Ал ар тараптуу билимге ээ болгон. Чыгармаларынын көпчүлүгүн араб тилинде жазган, стилистикасы, лексикасы, терминологиясы, грамматикасы араб тилин таануучу лингвисттерди ошол күндөн ушул күнгө тамшандырып келгени айтылат. Энциклопедист аалым катары математика, география, логика, философия, поэтика сыяктуу илим тармактарында да илимий ой жүгүртүүлөрүн калтырган, мыкты ырларды да жазган. Араб тилинен тышкары фарс тилде жазгандары да кездешет. Дагы бир таң калычтуу жагдай – ошол мезгилде Өзгөндө жана жалпы эле Фергана өрөөнүндө илимий китептер аз болгондугуна карабай, илимий булактарды колдонбой туруп, кагаз-калеми жок эле эмгектерин жогорку деңгээлде жазып калтырган. Ал имам гана эмес “Имамдардын күнү” (Шамсул-аимма) деген да даражага жеткен, исламдын фикх, фикх укукчусу (ханафий укуктарын жазган), келам деген илимдерин терең билген жана элге жайылткан.

Түрмөдөн чыкканы жана өмүрүнүн акыры

Ал түрмөдө күндөрүн орозо кармап, түндөрүн намаз менен өткөргөн дешет. Анын Кудайдын мыйзамдарына, акыйкатка жана адилеттүүлүккө берилгендиги, жалганды жана эки жүздүүлүктү жек көрүүсү бардык аалымдар менен мусулмандарга чоң үлгү болгон.

Имам Сарахси болжолдуу 1087-жылы түрмөдөн чыкканы айтылат. Бирок эркиндикке чыккан менен туулган жерине кетпей, өмүрүнүн акыркы үч жылын Өзгөн, Фергана, Маргалаң шаарларында жашап, имамдык кылып, эмгектерин жазып, китептерин бүтүрүп, балдарды окутуу менен алектенген.

Ошентип ислам таануу илимине жана ислам укук жаатына эбегейсиз салым кошкон, ханафий мазхабынын эң даңазалуу аалымы Имам Сарахси 81 жашында, 1090-жылы көзү өтөт. Анын сөөгү Кыргызстандын азыркы Өзгөн шаарына коюлат. Бул шаардын Паски-Өзгөн деген бөлүгүндө кабыры болгон. Бирок совет учурунда аны айрым гана адамдар билишкени менен айтуудан коркушкандыктан, имамдын сөөгү коюлган жайдын кайда экендиги да айтылбай жүргөн, көптөр унутуп да калган. Кийин анын эмгектерин араб тилинен түрк тилине которгон профессор Жеват Акташ Өзгөнгө келип таап, ачыкка чыгарган.

Айрым уламалар жана ислам таануучулар анын эмгектерин өтө жогору баалап, исламдагы ханафий мазхабынын негиздөөчүсү Имам Азам (699-767) жана анын окуучусу Мухаммад Шайбаниден (749-805) кийинки үчүнчү адам катары көрүшөт. Бул кишинин тегин көбү билбей, араб тектүү болуш керек деп да жүрүшкөн.

Түркия Дин башкармалыгы анын мурастарына өзгөчө мамиле кылды. Кыргыз коомчулугу Өзгөн шаарынан чыккан атактуу дин аалымы тууралуу дээрлик билген эмес. Анын куранды жана шариятты чечмелөө боюнча 31 томдон турган эмгектерин арабчадан түркчөгө профессор, доктор Мустафа Жеват Акшит 15 жылын коротуп которуп, өзүнчө китеп болуп чыгарган. Өзгөн шаарында 2011-жылдын сентябрь айында Түркия мамлекетинин муфтийи Мехмет Гөрмездин колдоосу менен Имам Сарахсинин күмбөзү жаңыланган. Андан сырткары Түркия куруп берген Имам Сарахси атындагы мечит да өз эшигин ачкан.

Белгилүү имамдын урматына Кыргызстан да жөн турган жок. 2013-жылдын 6-ноябрында Ош шаарында анын 1000 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Ошол эле жылы Равшан Эратов менен Куштарбек Маматов “Имам Сарахси” аттуу китеп жазып чыгарды. Өлкөнүн мурдагы муфтийм Максат Токтомушевдин демилгеси менен түрк тараптын колдоосунда Бишкектин жаңы жаамы мечитине Имам Сарахсинин ысымы берилген.

Даярдаган: А.Белеков