Пехлеви династиясынын негиздөөчүсү Реза-шах Пехлеви Кавказдан келген мигранттардын тукуму болгон жана падышалык Россияга баш ийген Казак бригадасында кызмат өтөгөн.
Ал англиялыктар тарабынан такка отургузулган. Бийлигин бекемдөө үчүн Адольф Гитлерге таянып, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттик Германия жеңет деп ишенип, аны колдогон. Натыйжада англиялыктар аны бийликтен четтетип, ордуна анын уулу Мохаммад Реза Пехлевини бийликке алып келишкен.
Мохаммад Реза Пехлевинин режими кулаар алдында турган кезде, ал АКШ уюштурган төңкөрүштүн натыйжасында демократиялык жол менен шайланган Мосаддык өкмөтүнө каршы бийликке кайра келген. Ислам революциясынын жеңишинен кийин Пехлеви династиясынын режими иран элинин басымы астында кулаган.
Бул династиянын акыркы өкүлү Реза Пехлеви аттуу адам болуп саналат. Ал 50 жылдан бери Батыш өлкөлөрүнө жана сионисттик режимге таянып, бийликти басып алууга умтулуп келет. Себеби 2500 жылдык монархиялык башкаруудан кийин ал бийликтин даамын татып көрө албаган жалгыз ханзаада болуп калганы ага оор тийип келет…