Politico: АКШ Иранга каршы аскердик операция баштай албайт

Politico басылмасынын маалыматына караганда, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Иранга каршы аскердик операция баштай албайт, анткени Жакынкы Чыгышта зарыл болгон аскердик мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес.

Региондо жайгашкан америкалык аскерлер жана аскердик кемелер Венесуэладагы операцияга байланыштуу Кариб деңизине которулган. Өткөн жылы Жакынкы Чыгышка жөнөтүлгөн абадан коргонуу системалары болсо кайрадан Түштүк Кореяга кайтарылган. Ошол эле учурда АКШ администрациясынын өкүлдөрү аскерлерди же техниканы ири көлөмдө жылдыруу пландалбаганын билдиришүүдө.

Politico белгилегендей, эгерде аскердик аракеттер башталса, АКШ Ирандын курал-жарактары жетчү аймакта турган өз аскерлерин коргоо үчүн да жетиштүү абадан коргонуу каражаттарына ээ болбой калат. Пентагон Катардагы Аль-Удейд базасында 10 миң америкалык аскерди, ошондой эле Иракта, Сирияда, Иорданияда чакан контингенттерди жайгаштырган. Бирок Вашингтондун өз аскерлерин мүмкүн болгон ракета соккуларынан коргоо үчүн тосуп алуучу каражаттары өтө аз.

Басылма Вашингтондун мүмкүнчүлүктөрү өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу кыйла чектелгенин белгилейт. Ал кезде АКШ ислам республикасынын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урган. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын аймагына абадан сокку урууга буйрук бериши мүмкүн, бирок Politico баса белгилегендей, ага мыйзам чыгаруучулардын пикири менен эсептешүүгө туура келет. Венесуэланын президенти Николас Мадуро кармалгандан бир жума өткөн соң, алар мындай сокку өлкөнү дагы бир согушка аралаштырып жибербейби деген суроо коюп жатышат.

Ак үйдө болсо «президент Трамптын Иранга байланыштуу толук мүмкүнчүлүктөр жыйнагы бар» деп билдиришти. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясынын басма сөз катчысынын орун басары Анна Келли айтты.