Ирандын тактан кулатылган акыркы шахынын улуу баласы Реза Пехлеви Ирандагы калктын кеңири катмарынын колдоосуна ээ боло албайт. Мындай пикирин Фудань университетинин (Кытай) Жакынкы Чыгышты изилдөө борборунун директору Сунь Дэган ТАСС агенттигине билдирди.
Эксперттин айтымында, Пехлеви узак убакыттан бери АКШда жашап келет, ал АКШнын колдоосундагы фигура болуп саналат. Аны максаттуу түрдө АКШ даярдаган жана ал Иран коомчулугунун негизги бөлүгүнүн кеңири колдоосуна ээ боло албайт.
Профессор Ислам республикасындагы нааразылык акцияларында Реза Пехлевинин сүрөттөрүнүн пайда болушу коомдун айрым бөлүгүнүн азыркы бийликке нааразы экенин гана көрсөтөт. Бирок бул иран коомчулугу монархияны кайра калыбына келтирүүнү каалайт дегенди билдирбейт.
Сунь Дэган белгилегендей, 1979-жылдагы Ислам революциясы шах Мохаммед Реза Пехлевинин өкмөтүндөгү коррупцияга элдин нааразычылыгынан улам болуп, анын бийликтен кулатылышына алып келген. Арадан 47 жыл өткөндөн кийин Иранда монархияны кайра орнотууга элдик үмүт да, идеологиялык негиз да жок.
Реза Пехлеви 1960-жылы Тегеранда төрөлгөн. 1967-жылы мураскор ханзаада титулун алган жана атасы Мохаммед Реза Пехлеви каза болгондон кийин тактыга отурат деп күтүлгөн. Бирок 1979-жылдагы Ислам революциясынын натыйжасында Иранда монархия кулатылып, акыркы шахтын үй-бүлөсү мураскери менен кошо өлкөдөн качкан.
1980-жылы атасы каза болгондон кийин, Реза Пехлеви акыркы шахтын балдарынын ичинен улуусу катары Пехлевилер династиясынын башчысы болуп калган жана азыркыга чейин тактыга ээлик ниетин билдирип келет. Азыркы учурда ал АКШда жашап, Ирандын учурдагы бийлигине каршы ишмердүүлүк жүргүзүп келет.
Ирандагы башаламандыктар
Декабрдын аягында Иран Ислам Республикасында иран риалынын кескин арзандашына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Валютанын девальвациясы дүң жана чекене баалардын өсүшүнө, ошондой эле алмашуу курсунун туруксуздугуна алып келген.
8-январдан тарта нааразылык акциялары башаламандыктар менен коштоло баштаган. Иран бийлиги бул окуялардын артында тышкы күчтөр турат деп эсептейт. Президент Масуд Пезешкиан жана расмий Тегеран баш аламандыктарды уюштурууда АКШ менен Израилди айыптады.
Ошол эле учурда 1979-жылы тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлеви чет өлкөдөн кайрылуу жасап, ирандыктарды жалпы улуттук иш таштоого, стратегиялык объектилерди көзөмөлгө алууга чакырган. Ал АКШны Ирандагы кырдаалга кийлигишүүгө үндөгөнү да маалым болгон. Бул чакырыктар Тегеран тарабынан ички иштерге ачык кийлигишүү катары бааланды.
Айрым шаарларда митингдер күч түзүмдөрү менен кагылышууга айланып, жай тургундар арасында да күч түзүмдөрүнүн арасында да курмандыктар болду.
Учурда Иран бийлиги экономикалык реформаларды улантууга убада берип, жарандарды сабырдуулукка жана мыйзамдуу талаптардан четтебөөгө чакырды.
12-январда Иран боюнча масштабдуу жүрүштөр өтүп, анда эл өлкө бийлигин колдоп, башаламандык уюштургандарды айыпташты.