Йемендеги «Ансарулла» каршылык кыймылынын лидери АКШ менен Израиль Иранда башаламандык жаратуу үчүн өз агенттерин жиберип, мечиттерди өрттөп, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылганын билдирди. Бирок иран эли өлкө боюнча массалык, миллиондогонадамдардын катышуусундагы марштарды өткөрүү менен буга чечкиндүү жооп кайтарды.
Сайид Абдулмалик Бадр ад-Дин аль-Хуси бул билдирүүсүн бейшемби күнү, «Ансарулла» кыймылынын негиздөөчүсү Сайид Хусейн Бадр ад-Диндин шейит кеткен күнүнүн жылдыгында жасады.
Анын айтымында, Иранда олуттуу экономикалык кыйынчылыктардан улам башталган акыркы тынч нааразылык акциялары өткөн аптада АКШ жана Израил лидерлеринин билдирүүлөрүнөн кийин массалык башаламандыктарга айланып кеткен.
Куралдуу топтор коомдук мүлккө, анын ичинде мечиттерге жана башка инфраструктуралык объектилерге зыян келтирип, жарандардын жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында курмандыктарга алып келген.
Иран бийлигинин маалыматына ылайык, башаламандыктардын кесепетинен ондогон тынч жарандар жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери каза болгон. Ислам Республикасынын атайын кызматтары бул элементтер Вашингтондон жана Израилдин «Моссад» атайын кызматынан чалгындык, ыкчам, материалдык-техникалык жана каржылык колдоо алганын тастыктады.
«Душмандар — АКШ жана Батыш — араб жана ислам аймагыбыздын так ортосунда сионисттик түзүлүштү түзүп, биздин аймакка терең сиңип кирүү жана толук үстөмдүк орнотуу максатын көздөшкөн», — деди аль-Хуси.
Ал душмандар ислам уммасынын исламдык өзгөчөлүгүн жок кылууга багытталган так максаттары бар, алдын ала түзүлгөн план боюнча аракет кылып жатканын түшүндүрдү.
«Ансарулланын» лидери бул душмандар мусулмандарды куугунтуктап, өлтүрүп, геноцид жасап, алардын ар-намысына, мекенине жана ресурстарына кол салып, умманы басынтып, кулга айлантууга умтулуп жатканын баса белгиледи.
Ошол эле учурда ал «эзүүчүлөрдүн, кылмышкерлердин, жалганчылардын жана коррупционерлердин адамзат коомунун үстүнөн үстөмдүк кылуусу табигый жана сөзсүз көрүнүш эмес» экенин айтып, умманы душмандардын негизги куралы болгон алдамчылыкка каршы турууга чакырды.
«Ансарулланын» лидери көптөгөн исламдык режимдердин, күчтөрдүн жана кыймылдардын Америка, Израиль жана Улуу Британия менен аскердик, маданий жана экономикалык тармактарда кызматташып жатканына кескин айып такты.
«Биздин ислам дүйнөбүздө аскердик, медиа, маданий жана экономикалык жактан Америкага, Израилге жана Улуу Британияга колдоо көрсөткөн, алдын ала түзүлгөн план боюнча иш алып барган көптөгөн системалар, күчтөр жана агымдар бар», — деди ал.
Анын айтымында, араб дүйнөсүндөгү айрым аймактык режимдер жана державалар бири-бири менен атаандашып, ким Американын кызыкчылыгына көбүрөөк кызмат кыларын далилдөөгө аракет кылышууда.
Ал ошондой эле айрым регионалдык режимдер менен державалар АКШнын пландарына жана кутумдарына эң чоң колдоо көрсөтүү үчүн өз ара жарышып жатканын кошумчалады.
«Душмандар умманы Кудайдан, Анын жардамы менен колдоосунан ажыратуу үчүн аны Ыйык Куран менен болгон байланышын үзүүгө аракет кылып жатышат», — деп эскертти ал.
«Биздин умма душмандын комплекстүү планынын бутасына айланган. Бул сионисттик долбоор болуп, ал эки аталыш менен белгилүү: “Улуу Израиль” жана “Жакынкы Чыгыштын картасын өзгөртүү”», — деп улантты ал.
Ал сионисттик долбоор толук документтештирилгенин, сүрөттөлгөнүн жана кеңири белгилүү экенин, ошондой эле айрым Батыш лидерлери сионизмге берилгендигин сыймыктануу менен ачык айтып келишерин белгиледи. Бул сөздөрү менен ал Перс булуңундагы айрым араб башкаруучуларын да кыйыр түрдө эске салды.
Аль-Хуси душмандар — Америка, Израиль жана Улуу Британия — агрессивдүү саясат жүргүзүп, анын натыйжасында бүткүл мусулман дүйнөсүндө көтөрүлүштөр, кылмыштар, эзүү жана коррупция күчөп жатканын белгиледи.
«Умма зор ресурстарга ээ болгон үстөмдүк кылуучу эл аралык күчтөр — Америка, Израиль жана Улуу Британия тарабынан чабуулга дуушар болууда», — деп жыйынтыктады ал.