Иран АКШнын F-15 согуштук учагын атып түшүрдү

Ирандын куралдуу күчтөрү АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн согуштук учагын Кувейттин үстүнөн атып түшүрдү.

Бул тууралуу Ирандын Tasnim маалымат агенттиги билдирип, учактын кыйраган видеосун жарыялады.

Видеодон согуштук учак ылдамдыгын жоготуп, бир топ бийиктиктен акырындык менен кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Агенттиктин маалыматы боюнча, учкучтар кырсыкка чейин катапульта менен секирип кетүүгө үлгүрүшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча атып түшүрүлгөн учак F-15E Strike Eagle болгон.

Пентагон аскердик учактын кыйрашы тууралуу маалыматты тастыктай элек.

Иран Израиль менен АКШ Иранга каршы биргелешкен аба соккуларына жооп ирээтинде Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларын бутага алууда.