Эксперт: АКШ менен Израил Али Хаменеини өлтүрүү менен Ирандын бийлигин кулата албайт

АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик соккулардын башталышы – дүйнөлүк саясаттагы эң кооптуу этаптардын бирине айланды. Бул окуя аймактык гана тирешүү эмес, глобалдык коопсуздук системасына, энергетикалык рынокко жана эл аралык туруктуулукка түз таасир этүүчү кризис катары бааланууда.

Айрыкча Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин өлтүрүлүшү кырдаалды жаңы, күтүүсүз деңгээлге чыгарды. Конфликттин кеңейүү ыктымалдыгы Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттердин согушка тартылышына жол ачышы мүмкүн. Бул жагдайлар боюнча “Евразия Тудей” агенттиги саясий эксперт Төлөгөн Келдибаев менен кеңири маек курдук.

-Саламатсызбы, Төлөгөн мырза, АКШ жана Израиль тарабынан Иранга каршы аскердик соккулардын башталышы, дүйнөлүк коопсуздук архитектурасынын бузулушуна алып келиши мүмкүнбү же бул дагы бир аймактык чыңалуу менен эле чектелеби?

-Саламатчылык. Ооба, бул окуя жөн гана аймактык конфликт эмес, бул – бүтүндөй дүйнөлүк коопсуздук системасына, энергетикалык рынокко жана эл аралык туруктуулукка түздөн-түз коркунуч жараткан чоң кризистин башталышы. Бүгүн дүйнө жаңы белгисиздиктин босогосунда турат. Бул конфликт кеңейсе, Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттер согушка тартылып, глобалдык масштабдагы туруксуздук жаралышы мүмкүн. Мындай кырдаалда дүйнөлүк экономикага чоң сокку урулуп, мунай баасынын кескин өсүшү, инфляция жана экономикалык кризис коркунучу күчөйт.

Иран да өзүнүн аскердик жана стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ мамлекет. Бул конфликт бир тараптуу болбойт. Анын кесепети көп тараптуу жана узак мөөнөттүү болушу мүмкүн. Биз бул кырдаалга чоң тынчсыздануу менен карайбыз. Согуш эч качан туруктуулук менен өнүгүүнү алып келген эмес. Тескерисинче, согуш мамлекеттерди алсыратат, экономикага зыян келтирет жана элдердин тагдырына оор сыноо жеткирет. Бүгүн дүйнө лидерлери жоопкерчиликти көрсөтүп, конфронтация эмес, диалог жолун тандашы керек. Тынчтык — бул эң чоң баалуулук. Глобалдык туруктуулук — бул бардык мамлекеттердин жалпы кызыкчылыгы.

-Аскердик чабуулдан улам Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи өлтүрүлдү. Муну эмне деп бааласа болот?

-Али Хаменеинин киши колдуу болуп өлтүрүлүшү – бул, Жакынкы Чыгыштагы соңку ондогон жылдардагы эң олуттуу геосаясий бурулуш болуп калды. Анткени бул – Ирандын мамлекеттик идеологиясынын жана бийлик вертикалынын жүрөгүнө сокку болуп калды десек болот. Хаменеи жөн гана саясий лидер эмес, ал – Иран Ислам Республикасынын стратегиялык багытын аныктаган фигура болчу. Анын өлүмү өлкө ичинде бийлик транзитин, саясий тең салмактуулукту жана ИРСК (Ислам революциясынын сакчылар корпусу) менен жарандык бийликтин ортосундагы мамилени кайра түзүүгө алып келиши мүмкүн. Себеби мурда булардын ичинде чыңалуу пайда болгон.

Эл аралык укук жагынан караганда, бул суверендүү мамлекеттин жетекчисине каршы түздөн-түз аскердик аракет болуусу – кылмыш болуп саналат. Мындай кадам глобалдык деңгээлде чоң резонанс жаратып, БУУнун алкагында, аймактык блоктордо жана ислам дүйнөсүндө катуу реакцияга себеп болду.

Азыр аймактык коопсуздук маселеси аябай курчуп кетти. Анткени Иран да “каршылык огун” активдештирди. Бул Израилге эле эмес, АКШ жана мусулман, анын ичинде бардык араб мамлекеттерине каршы кеңири фронт ачылышына же Перс булуңундагы мунай инфраструктураларына чоң сокку урулушуна чейин жетиши ыктымал. Ошентип араб мамлекеттери азыркы Сирия менен Ливия мамлекеттеринин кейпин кийип калышы мүмкүн.

Ал эми АКШ үчүн бул кадам стратегиялык жактан эки миздүү курал болуп калышы ыктымал. Бир жагынан, Ирандын өзөктүк программасын жана аймактагы таасирин алсыратуу максаты көздөлгөн менен Иран коомчулугун бириктирип, радикал канатты күчөтүп, узак мөөнөттүү туруксуздук жаратып алуусу толук ыктымал. Ошентип кырдаал укуктук талаадан чыгып кетет.

Али Хаменеини өлтүрүү менен Иран режимин кулата албайт. Тескерисинче, Ирандын каршылашкан катаалдыгын күчөтүп, тышкы саясатта агрессивдүү риториканын жогорулашын пайда кылышат. Ошентип АКШ менен Израилдин азыркы аракети — регионалдык согуш коркунучун олуттуу жогорулата турган сценарий болуп жатат.

-Ирандын аскердик жана стратегиялык потенциалы канчалык деңгээлде жооп кайтарууга мүмкүндүк берет деп ойлойсуз? Ал жооп кандай формада болушу мүмкүн?

-Иран Жакынкы Чыгыштагы эң ири жана аскердик жактан комплекстүү мамлекеттердин бири. Акыркы он жылдыкта өлкө асимметриялык согуш стратегиясына өзгөчө басым жасап, ракеталык программа, дрон технологиясы жана аймактык өнөктөштөр аркылуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кыйла күчөттү.

Ирандын баллистикалык ракеталары — анын негизги сокку уруучу күчү экенин билип коюшубуз керек. Алар Израиль аймагына жана Перс булуңундагы АКШнын базаларына жетүүгө жөндөмдүү. Дрондор жана канаттуу ракеталар аркылуу ал алыстан, салыштырмалуу арзан, бирок эффективдүү сокку жасай алат.

Кийинки фактору — асимметриялык жооп. Иран түздөн-түз фронттук согуштан көрө, аймактагы союздаш күчтөрү аркылуу кыйыр кысым көрсөтүүнү тандашы да мүмкүн. Бул Ливан, Сирия, Ирак же Йемен аркылуу чыңалууну кеңейтүү дегенди билдирет. Мындай ыкма согуштун масштабын кеңейтип, бирок формалдуу “толук согуш” жарыялабастан басым жасоого мүмкүндүк берет.

Анан Иранда деңиз фактору дагы бар. Ал Ормуз кысыгындагы коопсуздук маселеси дүйнөлүк мунай ташуусунун чоң бөлүгүнө түз таасир этет. Эгер ал жакта чыңалуу жаралса, глобалдык экономикага дароо таасирин тийгизет.

Бирок, бир нерсени так айтуу керек: АКШнын технологиялык, аба күчтөрү жана чалгын мүмкүнчүлүктөрү Иранга караганда алда канча жогору. Ошондуктан түз масштабдуу согушта Вашингтон аскердик үстөмдүккө жетиши мүмкүн. Бирок маселе “жеңүүдө” эмес — маселе анын баасында. Иран географиялык, демографиялык жана идеологиялык мобилизация мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул согуш узакка созулуп, чоң чыгым талап кылган конфликтке айланышы ыктымал.

-Маегибиздин башында бул конфликт кеңейип кетсе, Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттер согушка тартылып, глобалдык масштабдагы туруксуздук жаралышы мүмкүн дедиңиз эле, эгер чындан эле аймактык согуш оту жайылып кетсе, кайсы мамлекеттер тартылып калышы мүмкүн?

-Эгер аймактык согуш оту кеңейсе, Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттер түз же кыйыр түрдө конфликтке тартылышы толук мүмкүн.

Биринчи кезекте — Ливан. Бул өлкө Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалууда эң алдыңкы фронт болуп калышы ыктымал. Ливандын аймагында Иранга жакын куралдуу түзүмдөр болгондуктан, чек ара чыңалуусу толук масштабдуу кагылышууга айланып кетүү коркунучу жогору.

Экинчи — Сирия. Алар буга чейин эле ар түрдүү аскердик күчтөр жайгашкан аймак болуп келген. Ал жерде Ирандын да, Израилдин да кызыкчылыктары кагылышып турат. Ошондуктан Сириянын аймагы сокку алмашуунун аянтчасына айланышы мүмкүн.

Үчүнчү — Ирак. Иракта Иранга ыктаган топтор бар. Анан бул мамлекетте АКШнын аскердик объектилери да жайгашкан. Ошондуктан бул өлкө кыйыр соккулар жана ракеталык чабуулдар аркылуу конфликтке тартылышы ыктымал.

Төртүнчү — Йемен. Йемендеги күчтөр Перс булуңундагы жана Кызыл деңиздеги соода жолдоруна таасир эте алат. Бул глобалдык логистикага түздөн-түз коркунуч жаратат.

Бешинчи — Сауд Аравиясы. Эгер конфликт кеңейсе, Сауд Аравиясы түздөн-түз же коопсуздук кызыкчылыктары аркылуу тартылышы мүмкүн. Айрыкча, эгер мунай инфраструктуралары бутага алынса, бул өлкө нейтралдуу позицияда кала албай калат.

Жыйынтыктап айтканда, мындай сценарийде согуш бир же эки мамлекеттин ортосундагы тирешүү болбой калат. Ал бүтүндөй аймактык коопсуздук системасын солгундатып, көп тараптуу жана узак мөөнөттүү кризиске айланышы мүмкүн.

Маектешкен: А. Белеков