Казакстандын Башкы прокуратурасы америкалык финансист Джеффри Эпштейн менен жергиликтүү мурдагы жогорку кызмат адамдарынын мүмкүн болгон байланыштарын текшерүүнү баштады. Анын ичинде Эпштейндин республиканын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов менен ыктымал байланыштары да каралууда. Бул тууралуу Сенаттын кулуарларында Башкы прокурор Берик Асылов билдиргенин Tengrinews.kz кабарлады.
«…Бул маселени бүт дүйнө талкуулап жатат. Ошондуктан биз, укук коргоо органдары катары, бул фактыларды — болгонбу же болбогонбу — карап, текшерип жатабыз», — деди ал. Асылов конкреттүү фамилияларды атаган жок. Бирок Эпштейндин Карим Масимов менен ыктымал байланышын аныктоо боюнча иш жүрүп жатабы деген суроого: «Алдын ала текшерүүнү баштадык», — деп жооп берди.
Көзөмөл органынын башчысы ошондой эле Эпштейндин мурда Казакстанга мүмкүн болгон сапары боюнча да текшерүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
25-февралда Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы — Мажилистеги Жалпы улуттук социал-демократиялык партия (ЖУДП) фракциясынын депутаттары Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук комитетине кайрылуу жолдошкон. Анда республиканын мурдагы жогорку кызмат адамдарынын Эпштейн менен мүмкүн болгон кызматташуусун, ошондой эле анын Казакстанга сапарлары тууралуу ЖМКлардагы маалыматтарды текшерүү өтүнүчү айтылган.
«Карим Масимов жазууларда кеминде сегиз жолу эскерилет. Жазуулардан Эпштейн менен Масимов жеке тааныш болгону түздөн-түз көрүнүп турат», — деп айтылган кайрылууда.
ЖУДПдан депутат Асхат Рахимжанов Мажилистин жыйынында чет элдик ЖМКлар Эпштейн менен Кайрат Келимбетов (Улуттук банктын мурдагы төрагасы) Нью-Йоркто чогуу эс алганы тууралуу маалыматка да көңүл бурганын белгилеген.
Бул билдирүүгө комментарий берип жатып, Башкы прокурор Берик Асылов бул жагдай «кошумча текшерилет» деп айткан.
Джеффри Эпштейн 2019-жылдын 6-июлунда Нью-Йорк штатынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Прокуратуранын маалыматына ылайык, ал 2002–2005-жылдары Манхэттендеги үйүнө ондогон жашы жете элек кыздарды алып келген, алардын эң кичүүсү 14 жашта болгон.
Эпштейндин досторунун жана тааныштарынын арасында АКШнын гана эмес, башка көптөгөн өлкөлөрдүн да иштеп жаткан жана мурдагы жогорку кызмат адамдары, ири ишкерлер жана шоу-бизнес жылдыздары болгон. Ага каршы кылмыш иши 2019-жылдын август айында түрмө камерасында өз жанын кыйгандан кийин токтотулган.