Кытай Ирандагы кырдаалга көз салып, чабуулдарды токтотууну талап кылууда

Кытай Иранда болуп жаткан окуяларга кылдат байкоо жүргүзүп, Израиль жана АКШ тарабынан Ислам Республикасына каршы жүргүзүлүп жаткан аскердик операцияны дароо токтотууга чакырууда.

ТАСС агенттиги билдиргендей, бул тууралуу Бүткүлкытай эл өкүлдөр жыйынынын 14-чакырылышынын 4-сессиясынын расмий өкүлү Лоу Циньцзянь билдирди.

«Кытай Ирандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурууда — анын улуттук суверенитетин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо зарыл. Ошондуктан кытай тарап аскердик операцияны дароо токтотууга, чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө, диалог жана сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга, ошондой эле Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чакырат», — деп белгиледи ал.

Расмий өкүл Пекин бул маселеде маанилүү жана жоопкерчиликтүү дүйнөлүк держава катары өз ролун мындан ары да аткара берерин кошумчалады.