Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин каза болгондугуна байлыныштуу Ирандын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтышты.
Тажикстан
Биринчилерден болуп Иран президентине көңүл айтуу телеграммасын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолдоду.
“Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Аятолла Саид Али Хаменеинин жана бир катар Ирандын расмий өкүлдөрүнүн жана командирлеринин каза болгондугу тууралуу кабарды терең өкүнүү жана терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Бул оор жоготууга байланыштуу Ирандын элине чын жүрөктөн көңүл айтып, маркум Аятолла Али Хаменеинин тажик-иран мамилелерин өнүктүрүүгө, ошондой эле байыркы цивилизациянын алып жүрүүчүлөрү болгон эки элибиздин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон татыктуу салымын белгилегим келет.
Ушул кайгылуу күндөрдө, боордош Иран элине Тажикстан элинин кайгысын жана тилектештигин билдирип, Жараткандан бардык жабырлануучулар үчүн түбөлүк ырайым сурайм жана алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук тилейм”, – деп айтылат Рахмондун телеграммасында.
Өзбекстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да Ирандын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу катын жөнөткөнүн Ирандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга жолдогон катында Ислам революциясынын лидери аятолла Али Хаменеинин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты”, – деп айтылат элчиликтин сайтында жарыяланган билдирүүдө.
Түркмөнстан
Ирандын президенти Масуд Пезешкианга жана иран элине Түркмөн элинин улуттук лидери жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов да көңүл айтканын түркмөн телеканалынын “Ватан” жаңылыктар программасы билдирди.
Түркмөн элинин Улуттук лидери Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин үй-бүлөсүнө жана жакындарына оор учурда көңүл айтуу сөздөрүн айтып, “маркумдун жаны бейиште, топурагы болсун” деп тилеген.
Казакстан
Казакстан да Иранга көңүл айтты. Тиешелүү билдирүүнү Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрлан Жетыбаев жасаганын “Казинформ” маалымдайт.
“Иран элине жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын, ошондой эле Ислам Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын каза болушуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, – деп баса белгилеген Жетыбаев.
Дипломат Астана Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын бардык тараптарын аймактагы кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн сабырдуулукка чакырды.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 28-февралда курчуган. Ал күнү Израиль менен АКШнын Иранга каршы аскердик операция баштаган. Жооп иретинде Иран Израилге жана аймактагы АКШнын аскердик базаларына сокку урууда. Тегеран буга чейин америкалык аскер базаларын мыйзамдуу аскердик буталар деп эсептей турганын билдирген.
Чабуулдун кесепетинен Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи, аскер адамдары жана мектепке жасалган чабуулдан 165 окуучу каза болуп, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.