«АКШ катуу өкүнөт». Иран АКШнын соккусунан кийин  аскердик кемесин жоготконун моюнга алды

АКШ аскерлери Ирандын деңиз күчтөрүнө таандык 17 кеме буга чейин чөктүрүлгөнүн билдиришүүдө.

Индия океанындагы эл аралык сууларда жүргөн «Дена» аттуу ирандык аскердик фрегат АКШ тарабынан «эскертүүсүз» кол салууга дуушар болгонун Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди. Анын айтымында, АКШ бул «кылмышы» үчүн «катуу өкүнөт».

«АКШ Иран жээгинен 2000 чакырым алыстыкта деңизде кылмыш жасады. Индиянын аскер-деңиз флотунда конок болуп турган, бортунда дээрлик 130 деңизчи бар “Дена” фрегаты эл аралык сууларда эч кандай эскертүүсүз кол салууга кабылды. Менин сөзүмдү эстеп койгула: АКШ түзгөн бул прецедент үчүн катуу өкүнөт», — деп жазды Аракчи X социалдык тармагында.

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет 4-мартта билдиргендей, америкалык суу астындагы кеме Шри-Ланканын түштүк жээгине жакын Индия океанынын эл аралык сууларында ирандык «Дена» фрегатына сокку урган.

Ар кандай маалыматтар боюнча, кемеде 130дан 180ге чейин адам болгон. Шри-Ланканын ЖМКларынын маалыматына караганда, соккунун натыйжасында 87 адам каза болуп, 32 адам куткарылган, дагы 60 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.

Мындан мурда АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Брэдли Купер АКШ Ирандын 17 аскердик кемесин, анын ичинде бир суу астындагы кайыгын чөктүргөнүн билдирген.

Ал ошондой эле мындай деп кошумчалаган:

«Бүгүн Перс булуңунда, Ормуз кысыгында жана Оман булуңунда бир да ирандык кеме жок, жана биз муну менен токтоп калбайбыз».

Ошол эле учурда 5-мартта Кувейттин жээгинде якордо турган танкерде күчтүү жарылуу болуп, натыйжада мунай төгүлгөн. Улуу Британиянын Деңиз соода операциялары башкармалыгынын (UKMTO) маалыматы боюнча, экипаж жабыркаган эмес, бирок бул окуя экологиялык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Буга чейин Улуу Британиянын аскер-деңиз күчтөрү Йемендин жээгинде бир кемеге кол салуу болгонун билдиришкен.

Бул окуялар 28-февралда башталган АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынын фонунда болуп жатат. АКШ-Израилдин чабуулдарына жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШ базаларына сокку уруп, ал эми Ислам революциясынын сакчылары корпусу Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин кыймылын бөгөттөгөн.