Иран Азербайжанга карай дрон учурбаганын билдирди

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Азербайжандын Нахичевань  шаарындагы дрон окуясы боюнча комментарий берип, Иран коңшуларына сокку урбай турганын билдирди.

Бүгүн эртең менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Ирандан Нахичевань автономиялуу республикасына дрон чабуулдары жасалганын, андан төрт адам жабыркаганын билдирген. Азербайжандын Коргоо министрлиги Баку Тегеранга жооп кайтарарын билдирген.

“Биз коңшу өлкөлөрүбүздү бутага албайбыз, биз бул окуяны иликтешибиз керек”, – деди Казем Гарибабади азербайжандык AnewZ телеканалына берген видео маегинде.

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Азербайжанга дрон учурууга Израилди айыптап, Израиль мунун менен Тегеранды күнөөлөөнү көздөгөнүн билдирди.

“Мындай кадам (Израиль – ред.) режими тарабынан Иран Ислам Республикасын күнөөлөө үчүн жасалган”, – деп Башкы штабдын билдирүүсүндө айтылганын Ирандын мамлекеттик телеканалы келтирген.

Ирандын күчтөрү Израил мындай жол менен “ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди бузууга” аракет кылууда деп белгилешти.

Баку бейшемби күнү түштөн кийин бир ирандык дрон Нахичевандагы аэропорттун терминалына, ал эми дагы бири Шекерабад айылындагы мектептин жанына кулаганын билдирген.

Иран ЖМКлары маалымдагандай, Жакынкы Чыгыш аймагындагы “Каршылык огу” топтору дагы дрон учурууга тиешелери жок экендигин билдиришти.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисин чакырып, кырдаалды мүмкүн болушунча тезирээк тактап берүүнү талап кылды.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Ирандын Нахчыванга жасаган дрон чабуулун “жийиркеничтүү террордук чабуул” деп атап, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты.