Тель-Авив шаарынын айрым тургундары Иран тараптан токтобой жаткан ракеталык чабуулдардын фонунда эки жумадан бери коомдук баш калкалоочу жайларда түнөп жатышат. Шаардын жер алдындагы трамвай станцияларынын биринде ар күнү түнөп калуу үчүн келген жүздөгөн адамдарды көрүүгө болот.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
Израиль жана АКШ 28-февралда Иранга каршы масштабдуу чабуулдарды баштаган. Иран ага жооп иретинде Израилдин ар кайсы аймактарын, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларын бутага алууда. Тель-Авивде аба чабуулу тууралуу сирена күнүнө 5–7 жолудан жаңырып жатат. Эки жумадан ашык созулган куралдуу кагылышууда тараптар соккуларды алмашууда.
Акыркы маалымат боюнча Израилде ракеталык чабуулдардан 12 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алган.
Акыркы күндөрү Иран ракета учуруулардын санын кыйла көбөйткөн. Көп учурда аба чабуулу тууралуу сирена түн ичинде да жаңырып жатат. Абадан коргонуу системалары иштеген учурда Тель-Авивде жана башка шаарларда ракеталардын сыныктары түшкөн учурлар да катталууда.
Үйлөрүндө коопсуз башкалкалоочу бөлмөлөрү жок шаар тургундары коомдук башкалкалоочу жайларга өздөрү менен кошо матрас, жууркан-төшөк жана суу алып келишүүдө. Айрымдары балдары жана үй жаныбарлары менен түнөшүүдө. Тургундар атайын жабдылган жер алдындагы унаа токтотуучу жайларда же коомдук мекемелердин астындагы баш калкалоочу жайларда түнөшүүдө.
Израилдеги жаңы курулган үйлөрдө коопсуз башкалкалоочу бөлмөлөр бар. Ал кыска же орто аралыктагы ракеталардын түз соккусуна туруштук бере алат. Бирок Иран колдонгон оор баллистикалык ракеталардын түз соккусуна мындай бөлмөлөр эсептелген эмес. Ошондуктан айрым тургундар аба чабуулу тууралуу сигнал берилгенде өздөрүн коопсуз сезүү үчүн жер алдындагы баш калкалоочу жайларга түшүүнү туура көрүшөт.
28-февралда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчугандан бери Иранда каза болгон жай тургундардын жалпы саны 1300дөн ашып, 17 000ден ашуун адам жаракат алганын Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ираван билдирген.