АКШнын Ормуз кысыгын кайра ачууга эл аралык колдоо издөө аракеттери, көрүнүп тургандай, муздак кабыл алынды. Америкалык NBC News каналы маалымдагандай, Дональд Трамп жардам сураган айрым өлкөлөрдүн салкын реакциясы, анын бул өтө маанилүү кысыкты тез арада ачуу үмүтүн суутту.
Маалыматта айтылгандай, айрым өлкөлөр өз алдынча дипломатиялык жолдорду издеп, Иран менен өз кемелеринин коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Бул аракеттер Перс булуңу аймагында кемелер жана энергетикалык коопсуздук боюнча чыңалуу күчөп жаткан учурда жасалууда.
Трамп 15-мартта дагы агрессивдүү позицияны ээледи. Ал британиялык Financial Times бизнес гезитине берген маегинде эгер АКШнын союздаштары Ормуз кысыгын кайра ачууга жардам бербесе, Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун келечеги “абдан караңгы” болушу мүмкүн деп эскертти. Анын билдирүүсү, өзгөчө, европалык өлкөлөргө багытталган жана аларды Иранга каршы АКШнын аскердик аракеттерине кошулууга чакырган.
АКШ президенти Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге басым көрсөтүүнү да күчөттү. Ал бул айдын аягында пландалган Кытай төрагасы менен жолугушуусун кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн эскертти, бул кадам Пекинге суу жолун коопсуз кылууга жардам берүү үчүн кысым көрсөтүүгө багытталган.
Ал кысыктан пайда көргөн өлкөлөр да Ормуздагы коопсуздукту камсыз кылууга катышуусу керек деген ой абдан туура деп, Европа менен Кытай АКШга караганда Перс булуңунан импорттолгон мунайга көбүрөөк көз каранды экенин белгиледи.
Ал ошондой эле АКШнын союздаштары терс жооп кайтарса же такыр жооп бербесе, бул Түндүк Атлантика келишим уюмунун келечеги үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
“Эгерде жооп болбосо же терс жооп берилбесе, менимче, бул Түндүк Атлантика келишим уюмунун келечеги үчүн абдан жаман болот”, – деди Трамп.
АКШ президенти НАТОго карата сын-пикирин кайра кайталады. Ал Кошмо Штаттар Украинадагы согушта өнөктөштөрүнө жардам бергенин, эми алар АКШны колдоого даярбы же жокпу, азырынча белгисиз экенин кошумчалады.
Трампга АКШ кандай жардам күтөөрү тууралуу суроо берилгенде, ал «керектүү болгон нерсенин баары» деп жооп берди. Ал, өзгөчө, кысыктагы миналарды тазалаган кемелерди жөнөтүү тууралуу айтып, европалык өлкөлөрдүн мындай жабдуулары АКШга караганда кыйла көп экенин белгиледи. Ошондой эле Трамп “Иран жээгиндеги душмандык элементтерди” жок кыла турган күчтөр жөнүндө да айтты.
Айрым байкоочулар Трамптын билдирүүлөрүн Вашингтондун жөн гана деңиз колдоосуна канааттанбай, Иранга каршы аскердик операцияларга европалык атайын күчтөрдүн катышуусун көздөп жатканынын белгиси катары карашат. Мындай сценарий Ормуз кысыгындагы кризисти АКШ менен анын союздаштарынын ортосундагы мамилелер үчүн жаңы сыноого айландырышы мүмкүн.