Кыргызстандын коомчулугунун “Бүткүл дүйнө эли-Палестиналыктар менен бирге” деген темада өткөрүп жаткан конференциясында укук коргоочу Турсунбек Акундун жасаган
Б А Я Н Д А М А С Ы

Урматтуу Конференциянын катышуучулары! Урматтуу чакырылган коноктор!
XX-XXI кылымда дүйнө лидерлери, дүйнө коомчулугу эң чоң трагедияга жол берип келгени өкүнтө турган иш.
Палестина эли 1947-жылдан бери, тактап айтканда 79 жыл бою өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ боло албай, далай согуштарды, кыргындарды, тукум курут болуп кетүү коркунучун башынан өткөрүп, башка эл көрбөгөн азапты көрүп келет.
Эң алгач Палестин элинин ушундай татаал жана узак күрөшүнүн тарыхына кыскача токтолуп кетейин.
Палестина эли 1516-жылдан 1917-жылга чейин Осмон империясынын карамагында болуп келгени белгилүү.
1947-жылы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) резолюция кабыл алып, (181) Араб жана Еврей мамлекетин түзүү чечимин кабыл алат. 1948-жылы эч токтоосуз Еврей мамлекети түзүлүп, ошентип алар өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болуп, ал эми Палестин элинин мамлекети түзүлбөй кала берет. Ошол эле 1948-жылы Еврей мамлекети кошуна Араб мамлекеттерине согуш ачып, Палестинага тийиштүү территориянын 77 %sy басып алып, ошондо эле Иерусалимдин көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алат.
Ал эми БУУ тарабынан чечилген Араб мамлекети түзүлүүчү жерлер Иордания менен Египеттин көзөмөлүндө калат. Палестиндердин жарымынан көбү 1948-жылы эле Еврейлер баштаган согуштан жабыркап, качкын болуп, башка өлкөлөргө качып, ошондон баштап эле азапты көрө баштайт.
1967-жылы Еврей мамлекети Палестинага жана башка Араб мамлекеттерине согуш ачып, Палестинага тийиштүү жер болгон Газа секторун, Иордания дарыясынын Батыш жээгин жана Иерусалимдин чыгыш тарабын басып алат. Ошентип Палестин эли аларга тийиштүү жерлердин көпчүлүк бөлүгүн ошол мезгилде эле Еврей мамлекетине алдырып жиберет.

1 of 8

Ошентип 1967-жылкы согуштан кийин Палестиндердин өз мекенинен экинчи ирээт массалык кетүүсү орун алып, жарым миллион Палестиндиктер башка өлкөлөргө качкын болуп кетүүгө мажбур болушкан.
Эң катуу согуш 6-25-октябрь 1973-жылы Израиль менен Араб өлкөлөрүнүн коалициясынын ортосунда болуп, аягында Израилдин жеңиши менен аяктап, анын аймагы дагы кеңейтилген. Бирок Иордания дарыясынын Батыш жээги жана чыгыш Иерусалим кайрадан Иорданияга өтүп, ГАЗА СЕКТОРУН Египет ээлеп калган.
Ал эми Палестин эли бул 1973-жылы болгон согушта дагы ага тийиштүү жерлеринен ажырап, 700 миңден ашык Палестиндиктер качкын болуп, башка өлкөлөрдө жайгашкан лагерлерде жашоого мажбур болушкан.
Бириккен Улуттар Уюмунун сессиясынын чечими менен “Палестин мамлекети Иордания дарыясынын Батыш жээги, чыгыш Иерусалим жана ГАЗА секторунун аймагынын чегинде түзүлсүн” деген аныктама чыккан.
15-ноябрь 1988-жылы Алжир мамлекетинин аймагында Палестина Улуттук Кеңешинин сессиясы өтүп, Палестина мамлекетин түзүү чечими кабыл алынган. Ошентип дүйнөгө белгилүү Палестинаны бошотуу уюму (ПБУ) түзүлгөн. Ал уюмду көп жыл Ясир Арафат жетектеп, Палестина элинин боштондугуна жана мамлекеттүүлүгүнө жетүү үчүн күрөшүп, Нобель сыйлыгын алууга татыктуу болгону менен Палестинанын өз алдынча мамлекетин түзө албай дүйнөдөн өттү.
1994-жылы Израиль менен ПБУнун 13-сентябрь 1993-жылкы келишиминин негизинде Ослодо Палестина Улуттук Администрациясын түзүү чечими кабыл алынганы дагы жетишкендиктердин бири болду. Бирок бул “мамлекет түзүү”дегенге жатпайт.
2012-жылы 29-ноябрда Бирикен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жалпы добуш берген чечиминин негизинде Палестина БУУнун алдында байкоочу – мамлекет деген статуска ээ болууга жетишти.
Буга чейин ГАЗА секторун Хамас уюму көзөмөлдөп келсе, Иордания дарыясынын Батыш жээгин ПБУга тийиштүү Фатх уюму көзөмөлдөгөн. Бирок эки уюмдун ортосунда көптөгөн конфликтер жана карама-каршылыктар чыгып, иштери оңунан чыкпай, акыры 2-июль 2014-жылы беш министрдин катышуусу менен бир келишимге келип, “Улуттук биригүү өкмөтүн” түзүүгө жетишип, анын Президенти болуп Махмуд Аббас шайланып, ант берген учуру да болгон. Бирок Махмуд Аббас 2019-жылга чейин бул өкмөттү жетектеп, анан Хамас менен Фатахтын ортосунда катуу каршылыктар болуп, Газа секторун көзөмөлдөй албай калып, кызматынан кеткен.
Ошондон баштап, Газ секторун толугу менен Хамас уюму гана көзөмөлдөп калган.
7-октябрь 2023-жылы Хамас уюмунун Израилдин территориясына жасаган чабуулунун кесепетинен 1219 адам өлүп, 251 адам Хамас тарабынан барымтага алынган.
Мына ушул кайгылуу окуядан кийин Израилдин саясий бийлиги жана куралдуу күчтөрү ГАЗА секторун эки жылдан ашык убакыт бою Палестина элине бомба ыргытып, ракеталар менен атып талкалап, шаарын жер менен жексен кылып, 72 032ден ашык адамды (Анын ичинде 40 000 ден ашык жаш балдар) өлтүрүп, тукум курут (геноцид) кылуу саясатын жүргүзүп келет.
Биз Израилдин дагы, Хамастын дагы мындай адамга жана адамзатка каршы мыкаачы чабуулдарын колдой албайбыз.
Бирок Америка жана кээ бир Батыш мамлекеттеринин карандай каршы болгондугунун натыйжасында Палестина эли өз мамлекеттүүлүгүнө ээ боло албай жатканы чоң трагедия.
Израиль менен Палестинанын ортосундагы согуштун бүтпөгөндүгүнүн эң негизги себеби – бул Палестинанын мамлекеттүүлүгүнүн жоктугу жана Америка менен кээ бир Батыш мамлекеттеринин дагы эле болсо Израилге жан тартып, ага каражат жана курал-жарак жагынан жардам берип, анын мамлекеттүүлүгүн бийик коюп жатканында болууда.
Анткени Америкада жана башка Батыш мамлекеттеринде “Израиль/Еврей лоббиси” деген азыркы замандын чумасы болгон илдет катуу жайылып, ал жактагы бай еврейлер Американын бардык Президенттерин жана анын Конгрессинин депутаттарын толук көзөмөлдөп жатканы дүйнөлүк коомчулукка маалым.
Эгерде, Американын Президенти же конгрессмендери Израилди укпаса же анын позициясына каршы чыкса, алар көп өтпөй кызматтарынан кол жуушары турган иш. Анткени алар Америкада жашаган бай еврейлердин каржылык колдоосу, көрсөткөн жардамы аркылуу бийликке келишкени белгилүү.
Америка менен Израиль азыр дүйнөлүк масштабда эч кимди укпай, эч ким менен эсептешпей, өзүлөрү каалаган кылмыштуу аракеттерин каалаганындай ишке ашырышууда.
М: Палестинага мамлекеттүүлүгүн берүү боюнча 2025-жылдын сентябрь айына карата 193 мамлекеттин 164 мамлекети макул болуп беришти. Андан бир аз өтпөй мурда каршы болуп жүргөн Франция, Канада, Испания баштаган ондон ашык мамлекеттер дагы Палестинанын өз алдынча мамлекетке ээ болушун колдоп чыгышты.
Мына ушуга карабастан Америка Израилдин көрсөтмөсүн так аткарып, Палестинанын мамлекет алуусуна каршы болуп, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде дайыма вето коюп келет.
Израиль Жакынкы Чыгышта жалгыз эле Палестина менен согушпай, Ливан, Сирия, Египет, Иордания, Йемен, Турция жана башкалар менен согушуп жана каршылашып, бүткүл жакынкы Чыгыш регионуна үстөмдүк кылган Улуу Еврей мамлекетин түзүү үчүн аракет кылып жатканы жашыруун эмес.
Ошентип, Израиль нефтиге бай Жакынкы Чыгыш регионун, ал эми Америка дүйнөнү мурдагыдай эле башкаруу планы бар экендигин дүйнөлүк денгээлдеги Америкалык эксперттер Джон Миршаймер, Жеффри Сакс, Дуглас Макгрегор, Скотт Риттер жана башкалар ачык эле айтып жатышат.
Американын Президенти Дональд Трамп жана Израилдин Премьер-Министри Беньямин Нетаньяху 2025-жылы Вашингтондо жолугушуп, Палестинанын 2 миллиондон ашык калкын Иорданияга жана Египетке күчтөп көчүрүп, Газа секторуна Трамп Хаус баштаган байлар эс алуучу жайларды салууну пландашып, акыры Араб мамлекеттеринин жетекчилеринин бул сунушка караманча каршылыгынын натыйжасында Трамп ал оюнан кайтып, “Тынчтык Кеңеши” деген күмөндүү уюмду түзүп, согушту убактылуу токтотуп, Палестинанын талкаланган шаарын салып берүүнү убадалап жатат.
Бирок бул аракеттин ишке ашышы өтө күмөн туудурат.
Аны бир гана реалдуу аракеттер көргөзөт.
Америка эгерде Израилге эң акыркы үлгүдөгү курал жана миллиарддаган доллар каражат жагынан жардам бербегенде, ал минтип өз коңшуналарына үстөмдүгүн көргөзө албайт болчу.
Америкада жана Башка батыш өлкөлөрүндө “Израиль лоббиси”тынбай иштебегенде Израиль минтип Палестинага тукум курут (геноцид) саясатын эч жүргүзө алмак эмес.
Израилдин Премьер-Министри Беньямин Нетаньяхунун үстүнөн кылмыш иш козголуп, Эл аралык кылмыш соту аны токтоосуз камоо боюнча чечим чыгарып, ордер берди.
Ал болсо Америкага таянып алып, кылмыш сотунун чечимин тааныбай, башка өлкөлөргө согуш жарыялап, Ирандын рухий жана саясий жетекчилигин, 170 жаш окуучу кыздарды бомбалап өлтүрүп, өзүнүн кан төгүүсүн улантууда.
Эки жактуу сүйлөшүү жүрүп жатканына карабастан Американы дагы Иранга каршы тукурган, колтукка суу бүрккөн да ушул Нетаньяху болгонун мен айткан Америкалык эл аралык абройлуу эксперттер какшап айтып жатышат.
2025-жылы июнь айында дагы Америка менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүү 15-июнга белгиленгендигине карабастан Израиль 13-июнда Иранга согуш ачып, жерине ракета ыргытып, чоң провокацияга барган. Израиль акыры Ирандын кол салуусунан шаарлары талкаланып калаарда Трампты ортого салып жатып, согушту араң токтоткон эле.
Израилдин жана Американын Иранга каршы согушунун аркасы менен бүткүл Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө өрт чыгып, имараттар жана нефти жайлары талкаларып, самолёттор учпай, кемелер жүрбөй, адамдар зыянга учурап, миңдеген адамдардын коопсуздугуна коркунуч келип, согуштун кесепетинен жай адамдардын күндөлүк турмушу жабыркап, кымбатчылык каптап, аталган регионго эле зыян келбестен, дүйнөлүк экономикага да олуттуу зыян келе баштады.
Аны Жакынкы Чыгыштын эле жашоочулары эле эмес, Европанын жана Американын жарандары да күндөлүк турмушунда сезе баштады. Буга далил катары бир баррель бензиндин баасынын 100 доллардан ашып кетиши.
Америка менен Израилдин чабуулдары Аскердик объекттерге жана курал сакталган складдарга же башка ушул сыяктуу жайларга гана багытталбастан граждандык жайларга багытталып, жай адамдар каза болуп, билим берүү, маданий, саламаттык сактоо мекемелери, ооруканалар талкаланып, карасанатайлыкка барып, Ирандын баш ийбес элине каршы да тукум курут (геноцид) саясатын баштады.
Эл аралык укук системасында согуш жүргүзүп жаткан өлкөлөр, согушка тийиштүү гана объекттерге кол салышы керектиги айтылып, жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирбеши так жазылган.
Ал эми Израиль менен Америка Ирандын нефти сактаган объекттерине кол салып, Тегеран шаарын өрткө каптатып, асмандан уулуу кислотанын жаанын жаадырууда. Эми Трамп Ирандын жетекчилигин коркутуп, эгер “Ормуз булуңун ачпаса Ирандын Харк аралындагы нефти сактаган жайына сокку урабыз” деп коркутууга барууда.
Дүйнө лидерлеринин кайдыгерлигинен, пастыгынан жана коркоктугунан пайдаланып, Америка дүйнөлүк, ал эми Израиль регионалдык жандармерияга айланып, дүйнөнү күч жана коркутуу менен башкарып алуу жолуна түшүштү.
Ошондуктан дуйнөдөгү аң-сезимдүү, гумандуу жана активдүү күчтөр биригип, дуйнөнү жок болуп кетүүдөн, азыр өрт каптап жаткан айлана-чөйрөнү булгануудан, бир адамдын авторитардык башкаруусунан жана адамдардын өлүмүнө алып келген согуштардан сактоо үчүн бардык аракеттерибизди көрүшүбүз керек. Азыркы замандын эң чон душманы кайдыгерлик болуп саналат.
Турсунбек Акун,
Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору,
Уюштуруу комитетинин төрагасы