WSJ АКШнын НАТОну «жазалоо» жана бир катар өлкөлөрдөн аскерлерди чыгаруу пландары тууралуу жазды.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Вашингтондун пикиринде Иранга каршы АКШ менен Израил жүргүзгөн аскердик операцияны жетиштүү деңгээлде колдобогон НАТО мүчөлөрүн «жазалоо» планын карап жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянып билдирди.
Планга ылайык, операцияны жетиштүү колдобогон альянс өлкөлөрүнөн америкалык аскерлер чыгарылып, алар Вашингтондун баамында көбүрөөк колдоо көрсөткөн мамлекеттерге жайгаштырылат. Мындан тышкары, планда Европадагы жок дегенде бир америкалык аскер базасын жабуу каралган. Басылманын маалыматына ылайык, бул Испания же Германия болушу мүмкүн.
Маалыматтарга караганда, бул идея акыркы бир нече жума ичинде талкууланып жатат жана азырынча иштелип чыгуу стадиясында. Ошого карабастан, ал Трамптын администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болгон.
The Wall Street Journal белгилегендей, Европада болжол менен 84 миң америкалык аскер жайгашкан жана бул базалар АКШнын аскердик операциялары үчүн маанилүү борбор болуп саналат. Ошондой эле Чыгыш Европадагы базалар Россияны «тосуу» функциясын аткарат.
Журналисттер кайсы өлкөлөрдөн аскерлер чыгарылары тууралуу так маалымат ала алышкан жок. Ак үй бул план боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Басылма белгилегендей, Трамптын администрациясы Германиянын Иранга каршы согушту сынга алганына нааразы болгон. Ошондой эле Италия Сицилиядагы авиабазасын америкалык бомбалоочу учактарга берүүдөн баш тарткан. Франция болсо базаларын Иранга сокку урбаган учактар үчүн гана пайдаланууга макулдук берген.
Эгер план ишке ашса, АКШнын планы боюнча, көбүрөөк колдоо көрсөткөн Польша, Литва, Румыния жана Греция сыяктуу өлкөлөр утушка ээ болушу мүмкүн. Бул мамлекеттер НАТОдо коргонууга эң көп каражат бөлгөндөрдүн катарына кирет жана Ормуз кысыгын ачуу боюнча эл аралык коалицияны колдоого даяр экенин алгачкылардан болуп билдиришкен.
Макалада айтылгандай, бул план америкалык аскерлердин Россиянын чек арасына жакыныраак жайгашуусуна алып келиши мүмкүн, бул болсо Москванын нааразычылыгын жаратышы ыктымал.
Басылма ошондой эле Трамп өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүндө Германиядан 12 миңдей америкалык аскерди чыгарууну буйруганын эске салды. Бирок кийинчерээк Джо Байден бул чечимди жокко чыгарган.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт мурда билдиргендей, Трамп 8-апрелде НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолугуп, АКШнын альянстан чыгуу маселесин талкууламакчы. Буга чейин америкалык лидер альянс өлкөлөрү Иранга каршы согушка кошулбагандыктан, бул блоктон чыгуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу карап жатканын айткан.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өз кезегинде Москва Европага, анын ичинде аскердик жактан коркунуч жараткан эместигин билдирген. Ал НАТО өлкөлөрү тескерисинче Россиянын чек арасына жакындап келгенин белгилеп, альянсты «каршылаштык куралы» деп атаган.