Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф АКШ менен болгон жаңжалды жөнгө салуу боюнча Тегерандын 14 пункттан турган сунушуна альтернатива жок экенин билдирди.
Анын айтымында, башка бардык ыкмалар ийгиликсиз аяктайт.
Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасында жазды.
«Иран элинин укуктарын камтыган 14 пункттук сунушту таануудан башка жол жок. Башка бардык ыкмалар жыйынтыксыз болуп, биринин артынан бири ийгиликсиздикке алып келет», — деди ал.
Галибаф ошондой эле АКШ убакытты канчалык көп созсо, анын чыгымы америкалык салык төлөөчүлөр үчүн ошончолук кымбатка турарын белгиледи.
Май айынын башында Иран Пакистан аркылуу АКШга 14 пункттан турган сунушун өткөрүп берген. Анда тараптар ортосундагы келишимге жетүү боюнча «жол картасы» камтылган. Бул документ АКШ тарабынан мурда сунушталган тогуз пункттук демилгеге жооп катары берилген.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын жооп сунушунда уранды байытууну 15 жылга токтотуу же акыркы келишимге жеткенге чейин Ормуз кысыгын ачуу каралган эмес.