Иран парламентинин вице-спикери: Ормуз кысыгын көзөмөлдөө Иранды супердержавага айландырды

Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерди толук көзөмөлдөөсү өлкөнү жаңы супердержавага айлантты.

Бул тууралуу канын Иран парламентинин төрагасынын орун басары Хажи Бабаи билдирди.

“Бүгүнкү күндө Ормуз кысыгы толугу менен Ирандын улуу элине таандык жана андан Ислам Республикасынын уруксатысыз бир дагы кеме же мунай ташуучу танкер өтө албайт”, – деген анын сөзүн мамлекеттик телерадиосу келтирди.

Хажи Бабаи ошондой эле азыр Иран дүйнөдөгү «төртүнчү супердержавага» айланганын белгиледи.

Дүйнөдөгү эң маанилүү логистикалык артериялардын бири болгон Ормуз кысыгынын бөгөттөлүшү энергия ресурстарынын, азык-түлүктүн, жер семирткичтердин, пластиктин жана башка көптөгөн товарлардын баасынын кескин өсүшүнө алып келди. Бул абалдын терс таасири эң оболу Азия өлкөлөрүндө күчтүү сезилүүдө. Анткени Ормуз кысыгы аркылуу ташылган товарлардын негизги бөлүгү дал ушул аймакка жөнөтүлчү. Бирок баалардын өсүшү дүйнөнүн бардык жеринде, анын ичинде АКШда да байкалууда. Ал жакта бензин менен авиациялык күйүүчү майдын баасы кыйла жогорулады.