Италия ЕБден Израилдин улуттук коопсуздук министрине сакция киргизүүнү талап кылды

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлүнө расмий түрдө кайрылып, Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирге каршы санкцияларды киргизүү маселесин ЕБдин тышкы иштер министрлеринин кийинки жыйынынын күн тартибине киргизүүнү суранды.

Буга Газа тилкесине багыт алган гуманитардык флотилиянын катышуучуларына каршы жасалган аракеттер себеп болду.

Италиялык министр социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялап, анда эл аралык сууларда активисттерди кармоо, ошондой эле аларга карата жасалган куугунтуктоо жана кемсинтүү сыяктуу кабыл алууга мүмкүн болбогон аракеттер үчүн санкция киргизүүнү талап кылды.

Санкция тууралуу талап израилдиктер тарабынан кармалган активисттер тизелеп отурган видеодон кийин айтылды. Бен-Гвир X соцтармагындагы баракчасына жайгаштырган видеодо Газага гумжардам алып баратып, израилдик күчтөрдүн колуна түшкөн “Сумуд” флотилиясынын активисттери колдору байланып, баштары жерге эңкейтилип турганы көрүнөт. Ошол учурда Бен-Гвир алардын үстүндө Израилдин желегин желбиретип турган.

Израилдин Улуттук коопсуздук министринин аракеттери дипломатиялык чыр-чатакты жаратты. Франция, Канада, Нидерланды, Бельгия жана Португалия Израилдин элчилерин, ал эми Испания убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакыртты.

Европа комиссиясы палестиналык активисттерге карата мамилени “кабыл алынгыс” деп атады.

21-майда Европа Биримдигинин тышкы саясат кызматынын өкүлү Израиль өкмөтүн бул активисттерге, анын ичинде ЕБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарын да, коопсуздук жана адамдык мамиле менен камсыз кылууга чакырган. Ошондой эле бардык кармалгандарды мүмкүн болушунча тезирээк бошотууну талап кылган.

18-майда Израилдин аскер күчтөрү Жер Ортолук деңизинин эл аралык сууларында, Газанын жээгинен болжол менен 250 деңиз мили алыстыкта, “Сумуд” флотилиясын кармоо операциясын баштаган. Операция 19-майда аяктап, флотилиянын бардык кемелери көзөмөлгө алынган. Жалпысынан 39 өлкөдөн келген 430 активист кармалган.

20-майда Израилдин Тышкы иштер министрлиги флотилиянын бардык катышуучулары кармалганын расмий тастыктаган. Активисттер Израилдин Ашдод портуна жеткирилген.

“Сумуд” глобалдык флотилиясы — 2025-жылы палестиналыктарды колдогон уюмдардын коалициясы тарабынан түзүлгөн эл аралык жарандык демилге. Анын негизги максаты — Газа тилкесинин деңиз блокадасын бузуу, гуманитардык жардам жеткирүү жана анклавдагы элдин оор абалына дүйнөнүн көңүлүн буруу болуп саналат.