Март айында Иранга каршы операция учурунда АКШнын эң ири учак ташуучу «Джеральд Р. Форд» кемесинде болгон өрт АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү билдиргенден алда канча масштабдуу жана кыйратуучу болгон.
Бул тууралуу CNN телеканалы булактарга шилтеме берип кабарлады.
Маалыматка ылайык, АКШ армиясы «Джеральд Р. Форд» кемесиндеги өрт тууралуу чындыкты толук айткан эмес. Экипаж өрттү толук өчүрүү үчүн 30 сааттан ашык убакыт короткон. Кеменин өрт өчүрүү системасы иштебей калып, деңизчилер өрттү чоң кыйынчылык менен өчүрүшкөн.
Келтирилген зыяндан улам болжол менен 600 матрос өздөрүнүн уктоочу жайларын колдоно албай калган. Кулаган шыптардан салаңдап турган зымдар, күйүп кеткен жана формасы бузулган металл конструкциялар 13 миллиард долларлык бул авианосецтин ичин чыныгы тозокко айландырганын көрсөтөт.
Кеменин экипаж мүчөлөрүнүн бири CNN телеканалына өзүнүн сезимдери менен бөлүшүп, «Чынын айтсам, кемени жоготуп алабыз деп ойлодум. Бизде эки эле жол бар болчу: же күрөшүү, же өлүм», – деген.
Телеканал тарабынан алынган видеотасмада кеменин өрттөн толугу менен талкаланган бөлүктөрү, күйгөн дубалдар, шыптар, керебеттер жана ар кандай конструкциялар көрсөтүлгөн.
АКШнын жогорку даражалуу кызматкери CNNге АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн билдирүүсүндө өрттүн кесепети азайтылып айтылганын, анткени учак ташуучу кеме Кызыл деңизде АКШнын Иранга каршы аскердик операцияларын колдоп турганын жана өрт чындыгында анын согуштук жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизгенин билдирди.
Эске салсак, март айында АКШ президенти Дональд Трамп Иран АКШнын эң ири аскердик учак ташуучу кемесине 17 багыттан сокку урганын моюнга алган. Трамп окуя качан болгонун жана кеменин атын атаган эмес, бирок аны “дүйнөдөгү эң чоң учак ташуучу кеме” деп мүнөздөгөн. Учурда мындай кемелердин катарына “Джеральд Р. Форд” кирет.
12-мартта “Джеральд Р. Форд” учак ташуучу кемесинин бортунда өрт чыкканы маалымдалган. Өрттөн кийин кеменин экипажына Ирандагы согуштук аймактан чыгып, оңдоо иштерине баруу буйругу берилген. Кеме Грециянын Крит аралындагы Суда базасына келген. Андан кийин кеме Кызыл деңизге кайра кирип, рекорддук 11 айлык миссиядан кийин май айында Виргиния штатынын Норфолк шаарындагы өзүнүн портуна кайтып келген.
Булактардын маалыматы боюнча, кемеде жүргүзүлө турган оңдоо иштери кеминде бир жылга созулат. Бул убакыттын ичинде ал оперативдик тапшырмаларды аткаруу үчүн жеткиликсиз болот.