Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Иран менен АКШ сокку алмашкандан кийин кайра курчуду

Учурда ок атышууну токтотуу боюнча келишими күчүндө болгонуна карабастан, АКШ менен Иран Перс булуңу аймагында кайрадан бири-бирине сокку урушту.

Ормуз кысыгында америкалык аскердик тик учак атып түшүргөндөн кийин, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайрадан чыңалды. Буга АКШ Иранды айыптап, өлкө аймагына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран жооп иретинде Перс булуңундагы америкалык аскердик буталарга чабуул жасады.

9-июнда америкалык Apache AH-64 тик учагынын Ормуз кысыгынын аймагында кулаганы тууралуу The New York Times гезити анонимдүү булактарга таянып кабарлаган. Тик учактын эки учкучу тең куткарылганы маалымдалган. Көп өтпөй бул маалыматты АКШнын президенти Дональд Трамп да ырастаган. Ал Омандын жээгине жакын жерде кулаган Apache AH-64 тик учагын Иран тарабынан атып түшүрүлгөнүн айтып, АКШ бул окуяга сөзсүз жооп кайтарарын билдирген.

Кийинчерээк 10-июнга караган түнү АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) тик учакка жасалган чабуулдан кийин Иранга каршы жооп соккулары башталганын билдирген.

CENTCOM тараткан маалыматка ылайык, соккулар Ормуз кысыгынын аймагында жайгашкан Ирандын абадан коргонуу системаларына, жер үстүндөгү башкаруу пункттарына жана радарларга багытталган.

Ирандын маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн түштүгүндөгү Жаск шаарында, ошондой эле Бендер-Аббас жана Кешм портторунда бир катар жардыруулар болгон.

Ирандын жообу

Андан көп өтпөй 10-июнь эртең менен Ирандын Куралдуу күчтөрү АКШнын соккуларына жооп катары аймактагы америкалык кызыкчылыктарга тиешелүү 21 объектке чабуул жасаганын билдиришкенин иран ЖМКлары маалымдашты.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) дрондордун жардамы менен Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун штаб-квартирасына сокку урганын билдирди. Ошондой эле Иорданиядагы америкалык Аль-Азрак авиабазасы ракета менен аткыланган.

Ошондой эле, Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирандын Бушер провинциясындагы Жем районунун үстүндө америкалык MQ-9 Reaper учкучсуз учагын атып түшүргөнүн маалымдады. Алардын билдирүүсүнө ылайык, дронду Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрү жок кылган.

Мындан тышкары, Ирандын Аба-космостук күчтөрү узак аралыкка учуучу катуу отундуу ракеталар аркылуу Иорданиядагы Аль-Азрак авиабазасындагы төрт маанилүү объектти, анын ичинде F-35 согуштук учактары жайгашкан ангарларды бутага алып жок кылганын билдирди.

Ирандын күчтөрү ар кандай жаңы агрессияга катуу жана чечкиндүү жооп берүүгө толук даяр экенин белгилеп, анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик толугу менен Вашингтондун мойнунда болорун эскертти.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Перс булуңундагы өлкөлөр АКШнын өз аймактарын Иранга каршы чабуулдар үчүн колдонушуна жол бербөө боюнча жоопкерчилик тартышы керектигин билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, АКШнын Иранга каршы түнкү соккулары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставын одоно түрдө бузуу болуп саналат.