Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШга өз аймагын чабуул үчүн пайдаланууга жол бербөөгө чакырды

Перс булуңундагы мамлекеттер өз аймагын АКШга Иранга каршы чабуулдар үчүн колдонушуна жол бербөө үчүн юридикалык жана моралдык жоопкерчилик тартат.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин Press TV телеканалы маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, АКШнын Иранга каршы түнкү аба соккулары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставын одоно түрдө бузуу болуп эсептелет.

«Тышкы иштер министрлиги АКШнын Иранга каршы жасаган аскердик агрессиясын кескин айыптоо менен бирге, аймактагы бардык мамлекеттерге, айрыкча Перс булуңунун түштүк жээгинде жайгашкан өлкөлөргө алардын укуктук жана моралдык жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертет. Алар өз аймагын жана объектилерин АКШнын жана Израилдин армиясы тарабынан Иранга каршы агрессивдүү аракеттерди пландоо, уюштуруу, жүргүзүү же колдоо үчүн пайдаланууга жол бербеши керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Ведомство ошондой эле Иран өзүн-өзү коргоо укугун толук пайдаланарын баса белгиледи. Анын ичинде кол салуулардын булагына, ошондой эле Иранга каршы операцияларды жүргүзүүдө жана колдоодо колдонулган аскердик базаларга жана логистикалык объектилерге сокку уруларын билдирди.

Мындан тышкары, Ирандын Тышкы иштер министрлиги БУУнун, анын Коопсуздук Кеңешинин жана Башкы катчысынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык укукту бузгандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча жоопкерчилигин баса белгиледи.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 9-июнда кайрадан чыңалды. Ага Ормуз кысыгында америкалык аскердик тик учактын атып түшүрүлүшү себеп болду. Тик учактын кулашына АКШ Иранды айыптап, өлкө аймагына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран жооп иретинде Перс булуңундагы америкалык аскердик буталарга чабуул жасады.