АКШ менен Иран жаңы келишимге жакындады: акыркы кол коюу Европада өтүшү мүмкүн

Акыркы апталарда Жакыкы Чыгышта күчөгөн чыңалуу жана аскердик сокку алмашуулардан кийин АКШ менен Иран Ислам Республикасы согуштук абалды токтотууга багытталган алдын ала макулдашууга жетишти. Макулдашууга жетишилгенин Америка президенти Дональд Трамп өткөн түнү жарыялап, анын акыркы документи ушул аптанын аягына чейин Европа өлкөлөрүнүн биринде кол коюлушу мүмкүн экенин айтты.

Маалымдар булактардын билдиришинче, дипломатиялык жылыш кечээ Катар мамлекетинин борбору Дохада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ишке ашкан. Сүйлөшүүлөргө Катардын премьер-министри Мухаммед бин Абдулрахман Аль Тани ортомчулук кылган. Жолугушууга ирандык жогорку даражалуу өкүл жана АКШ президентинин атайын өкүлү дагы катышкан.

Биринчи жолу Тегерандын өзүнөн да сүйлөшүүлөрдө олуттуу прогресс болгонун көрсөткөн маалыматтар тарады. Иран тараптын билдирүүсүнө ылайык, АКШ Иран сунуштаган документтин тексти менен макул болгон.

Fars News маалымат агенттиги Вашингтон Иран сунуштаган долбоорду кабыл алганын, документтин Ислам Республикасынын жогорку мамлекеттик түзүмдөрү тарабынан бекитилиши ыктымалдыгы жогору экенин кабарлады.

Ок атышууну токтотуудан да кеңири келишим

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, талкууланып жаткан макулдашуу бир гана ок атышууну токтотууну эмес, Перс булуңундагы жана аймактын башка бөлүктөрүндөгү согуштук абалды акырындык менен токтотуу процессин баштоону көздөйт.

Маалыматтарга караганда, Катар Ирандын бөгөттөлгөн активдери маселесин чечүүнүн жаңы жолун сунуштаган. Бул механизм Вашингтон үчүн да кабыл алына тургандай болуп, ошол эле учурда Иранга өзүнүн каржылык ресурстарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ливан дагы бул келишимдин маанилүү бөлүктөрүнүн бири катары каралууда. Маалымдар булактар АКШ Иранга Ливан бул келишимдин алкагында экенине ишендиргенин билдиришкен. Ошондой эле Трамп бул маселени Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен бир нече жолу талкуулаганы айтылууда.

Бул маалыматтарга ылайык, келишим Ливандагы бардык аскердик операцияларды токтотууну, Израил күчтөрүнүн чыгышы боюнча так мөөнөттөрдү белгилөөнү, кыйратуучу аракеттерди токтотууну жана туткундарды бошотууну камтыйт.

АКШда документтерди даярдоонун акыркы этаптары жүрүүдө

Макулдашуу тууралуу билдирүү эки тараптуу соккулар жана кагылышуулар орун алган эки түндөн кийин жарыяланды. Иран АКШнын чабуулдарына жооп катары аймактагы айрым америкалык аскердик объектилерди бутага алган.

Трамп бул келишимди «ири компромисс» деп атап, учурда документтерди даярдоонун акыркы этаптары жүрүп жатканын айтты.

Анын айтымында, расмий кол коюу ушул аптанын аягында болушу мүмкүн. Эгер келишим күчүнө кирсе, Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамы толугу менен калыбына келтирилет.

АКШ президенти ошондой эле бул тирешүүдө өлкөсү аскердик жактан ийгиликке жетишкенин билдирди. Мындан тышкары, ал Катар эмири баш болгон бир катар аймактык лидерлер менен сүйлөшкөнүн маалымдады.

Вашингтондун оптимизмине карата Тегерандын этият мамилеси

АКШ бийлиги макулдашуу жетишилгенин айтып жаткан учурда, Иран жетекчилиги бул маселеге кыйла этият мамиле жасоодо. Тегеран келишим али аягына чыга электигин жана өлкө ичинде юридикалык жана саясий кадамдарды жасоону талап кылаарын баса белгиледи.

Мындай этияттык мамиле Ирандын мурунку тажрыйбасына байланыштуу. Анткени Иран Трамптын администрациясы өз учурунда өзөктүк келишимден чыкканын жана мурдагы милдеттенмелердин аткарылбай калганын дагы эле эске алууда.

Израилдин реакциясы

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израил келишимдин түз катышуучусу эмес экенин, бирок АКШнын Ирандын ядролук программасын чечүүнү улантуу, анын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу жана Тегерандын аймактагы союздаш күчтөргө колдоосун чектөө боюнча милдеттенмесин кубаттаарын билдирди.

Айрым израилдик маалымат каражаттары Трамптын келишим тууралуу күтүүсүз билдирүүсү Израилдин жетекчилиги үчүн күтүлбөгөн окуя болгонун жазышты. Мындан тышкары, Израилдеги айрым саясий чөйрөлөр Ливан маселесинин бул макулдашууга киргизилгенине нааразы экендигин билдиришкен.

Басым, тирешүү жана дипломатия жолу

Учурдагы макулдашуу узакка созулган коркутуулардан жана аскердик чыңалуудан кийин түзүлүп жатат.

Трамп буга чейин Иранга каршы кеңири масштабдагы жаңы соккулар болушу мүмкүн экенин айткан болсо, Тегеран АКШнын ар кандай жаңы аракеттери согуштун дагы кеңейишине алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Саясий байкоочулар узакка созулган кагылышуу эки тарап үчүн тең пайдалуу эмес деп эсептешет. Иран экономикалык басымды жана аймактык кризистин кесепеттерин азайтууга кызыкдар болсо, АКШ энергетикалык жолдордун толук ачылышына жана согуштун саясий-экономикалык чыгымдарын кыскартууга умтулууда.

Ошентсе да бул алдын ала келишим туруктуу жана узак мөөнөттүү келишимге айланабы же жокпу азырынча белгисиз бойдон калууда. Алдыдагы күндөрдө документтерге расмий кол коюу процесси жана анын практикалык аткарылышы бул келишимдин келечегин аныктоочу негизги фактор болуп саналат.