АКШ мыйзам чыгаруучулары Трамптын Иран боюнча меморандумун сынга алышты: «Толук багынып берүү»

АКШ Конгрессиндеги сынчылар Иран менен АКШнын ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду Иранга карата «толук багынып берүү» деп аташты. Алардын пикиринде, президент Доналд Трамптын администрациясы Ислам Республикасына карата кымбатка түшкөн жана маанисиз согуштан кийин олуттуу жеңилдиктерге барды. Бул согуш Вашингтон жарыялаган максаттарга жеткирген эмес.

Шаршемби күнү Ирандын президенти Mасуд Пезешкиан жана Дональд Трамп тарабынан аралыктан кол коюлган 14 пункттан турган меморандум бардык багыттар боюнча, анын ичинде Ливандагы согуш аракеттерин толугу менен токтотууну карайт. Документте ошондой эле АКШнын санкцияларын этап-этабы менен алып салуу, Иранга карата деңиз блокадасын 30 күндүн ичинде жоюу жана Ормуз кысыгы аркылуу коммерциялык кеме каттамдарын калыбына келтирүү каралган.

Макулдашуу долбооруна АКШ колдогон Иранды калыбына келтирүү жана экономикалык өнүктүрүү боюнча кеминде 300 миллиард долларлык план, мунай экспортун чектөөлөрдөн бошотуу, Ирандын тоңдурулган активдерин ачуу жана өлкө өзөктүк курал жасоого умтулбай турганын ырастоо да кирет. Ошол эле учурда Ирандагы байытылган урандын запастары боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Бул келишим Вашингтондо катуу сынга кабылды. Айрым мыйзам чыгаруучулар бир нече айга созулган аскердик чыңалуу АКШга чоң чыгым алып келип, бирок Иран үчүн олуттуу пайда жаратканын белгилешти.

Республикалык сенатор Билл Кэссиди X социалдык тармагында мындай деп жазды:

«Рейган көрүндө оодарылып жатат. Ирандын өзөктүк амбициялары токтотулган жок, алар Ормуз кысыгын жабуу коркунучу иштей турганын түшүнүштү жана бул кысым куралын келечекте сөзсүз колдонушат».

Кэссиди келишимдин экономикалык бөлүгүн да сынга алып:

«Эми Иран бул келишимдин алкагында таптакыр жаңы инфраструктура кура алат», — деди.

Согуштун жыйынтыгы тууралуу ой жүгүртүп, ал мындай деп кошумчалады:

«Согушка чейин кысык ачык болчу, Иран санкциялардан жапа чегип жаткан, ал эми 13 аскер тирүү эле. Эми болсо 13 америкалык каза болду, үй-бүлөлөр бензинге миллиарддаган доллар коротушту, санкциялар алынат жана бомбалоолор токтойт».

Башка мыйзам чыгаруучулар дагы жаңжалдын жыйынтыгы жана Иран тарабынан берилген жеңилдиктер боюнча күмөн санашты.

Сенатор Тед Круз келишимдин айрым пункттарын «ойлонулбаган кадамдар» деп атады.

Бирок Трамптын ишенимдүү тарапташы сенатор Линдси Грэм америкалык аткаминерлер менен жолугушуудан кийин этият позицияны карманды.

«АКШ Иран менен анын өзөктүк программасы жана башка маселелер боюнча алгылыктуу, текшерүүгө мүмкүн болгон келишим түзө алабы же жокпу — убакыт көрсөтөт. Бирок мындай аракеттин өзү жаман нерсе эмес», — деди ал.

Ошондой эле ал:

«Кысыктын ачылышы жана согуш аракеттеринин токтошу камсыздай турган экономикалык туруктуулук Иран жаңжалында гана эмес, кеңири тынчтыкка жол ачышы мүмкүн», — деп кошумчалады.

Республикалык конгрессмен Томас Мэсси мыйзам долбоорундагы 300 миллиард долларлык жардам планын сынга алып, бул сумма АКШ Конгрессинин жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга жыл сайын бөлгөн каражатынан беш эсе көп экенин белгиледи.

Трамптын биринчи администрациясында БУУдагы АКШнын туруктуу өкүлү болгон Nikki Haley да президентти «миллиарддаган долларларды бошотуу жана санкцияларды алып салуу планы» үчүн сынга алды.

Ал эми Трамптын мурдагы вице-президенти Никки Хейли бул меморандумду «Обаманын Иран менен түзгөн өзөктүк келишимин биздин администрация четке каккандагы эле жумшак саясатты эске салат»,-  деп мүнөздөдү.

Жогорку даражалуу демократтар да Ак үйдөн көбүрөөк ачыктыкты талап кылышып, Конгресс жана америкалык коомчулук ийгиликсиз согушка байланыштуу чечимдерден четтетилгенин билдиришти.

Сенаттын тышкы байланыштар боюнча комитетинин мүчөсү Джинн Шейхин  келишимди «толук багынып берүү» деп атады.

«Бардык маселе майда-чүйдөсүндө жатат. Азырынча бизде кол коюлган толук келишим жок. Ошондуктан президентти жана Ак үйдү кандай гана болбосун документти мүмкүн болушунча тезирээк Конгресске көрсөтүүгө чакырам. Мен көрүп жаткан нерселерден биздин жеңишибиз эмнеде экенин түшүнбөй жатам», — деди ал.

Мамлекеттик катчы Maрко Рубионун дарегине жолдонгон катта Өкүлдөр палатасынын демократтары:

«15 жумадан ашык убакыт бою администрация Конгрессти жана америкалык элди стратегиялык ийгиликсиздикке айланган согуш тууралуу маалыматсыз калтырды», — деп жазышкан.

Ошол эле учурда алар дипломатиялык аракеттерди колдошорун билдирип:

«Биз администрациянын дипломатияга умтулуусун жана бул тандалма согушту токтотуу чечимин кубаттайбыз. Бирок Конгресске меморандум, кошумча келишимдер, 60 күндүк ок атышууну токтотуу мезгилиндеги стратегия, санкцияларды жумшартуу, Ирандын өзөктүк программасы жана экономиканы калыбына келтирүү фонддору боюнча кеңири маалымат берилиши керек», — дешти.

Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Прамила Джаяпал дагы согуштун баасы тууралуу суроо көтөрдү:

«Ормуз кысыгы 30 күндөн кийин ачылат окшойт. Анан эмне болду? Ал согушка чейин деле ачык болчу. Биз түз эле баштапкы абалдан да жаман жагдайга кайтып жатабыз».

Иран болсо келишим АКШга карата «активдүү ишенбестиктин» негизинде түзүлгөнүн белгилеп, Вашингтон анын шарттарын кандай аткарарын кылдат көзөмөлдөй турганын билдирди.

Ирандык расмий өкүлдөр меморандум дипломатиянын гана эмес, иран элинин курмандыктарынын жана аскердик жетишкендиктеринин натыйжасы экенин белгилешти.