АКШнын Иранга каршы жүргүзгөн аскердик операциясына кеткен чыгымдар 113,3 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Iran War Cost Tracker порталы маалымдады.
Ресурс Жакынкы Чыгышка жөнөтүлгөн аскер кызматкерлерин, аскердик кемелерди камсыздоого жана башка кошумча чыгымдарды жабууга керектелген каражаттарды эсептеп келген. Эсептөө ыкмасы АКШнын Коргоо министрлигинин Конгресске берген баяндамасына негизделген. Анда операциянын алгачкы алты күнү 11,3 миллиард долларга түшкөнү, андан кийин болсо чыгымдар күнүнө 1 миллиард долларды түзөрү айтылган.
Iran War Cost Tracker жүргүзгөн акыркы эсептөөлөргө ылайык, Жакынкы Чыгыштагы 108 күнгө созулган жаңжал америкалыктарга болжол менен 113,3 миллиард долларга түшкөн. Учурда бул операция боюнча чыгымдардын көлөмү мындан ары көбөйбөй турганы белгиленет.