АКШнын президенти Дональд Трамп башка мамлекеттерде баллистикалык ракеталар бар болуп турган шартта Иранды мындай куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу адилетсиз болорун билдирди.
Бул тууралуу АКШ президенти Парижге келгенден кийин Орли аэропортунда журналисттерге билдирди.
«Эгер башка өлкөлөрдө баллистикалык ракеталар болсо, анда Иранда алардын такыр болбошу бир аз адилетсиздик болуп калат», — деди ал.
Анын айтымында, эгер Сауд Арабиясы менен Катарда кандайдыр бир сандагы баллистикалык ракеталар болсо, анда алардын Иранда да салыштырмалуу пропорцияда болушу кадыресе көрүнүш.
Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр биринчи кезекте баллистикалык ракеталар эмес, Тегерандын өзөктүк программасы менен байланышкан маселелерди камтый турганын баса белгиледи.
18-июнга караган түнү Иран менен АКШ согушту 60 күнгө токтотуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Документке аралыктан, электрондук түрдө кол коюлуп, күчүнө кирди. Эки тарап тең келишимге кол коюлганын ырасташты.
АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумдун акыркы толук тексти жарыяланды. Ал 14 пункттан турат. Тынчтык жөнүндө документке «Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Исламабад өз ара түшүнүшүү меморандуму» деген аталыш берилип, тексти англис жана фарсы тилдеринде даярдалды.
Өз ара түшүнүшүү меморандуму бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди токтотууну, Ормуз кысыгын ачууну жана Иранга АКШ тарабынан аскердик-деңиз блокадасын токтотууну камтыйт.
Буга чейин Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи жетишилген келишимдин чоо-жайына токтолуп, Ирандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча эч кандай сүйлөшүү жүргүзүлбөй турганын билдирген.
Анын айтымында, өлкөнүн ракеталык потенциалы эч качан сүйлөшүүлөрдүн предмети болбойт.
“Ирандын ракеталары сүйлөшүү үчүн эмес, учурууга арналган. Өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча эч кандай форматта жана эч бир тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлбөйт”, — деген ал.