Эксперт: АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы жалпысынан Ирандын пайдасына өттү

Ирандык эксперт Мохсен Пак Айин АКШ өкүлдөрүнүн Иран менен түзүлгөн меморандум боюнча бири-бирине карама-каршы келген билдирүүлөрүнө комментарий берип, сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы жалпы жонунан Иран үчүн ийгиликтүү болгонун билдирди.

Ал ILNA агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде АКШ жетекчилигинин карама-каршы билдирүүлөрү көнүмүш көрүнүшкө айланганын белгиледи.

«Чынында, Трамптын жана АКШнын башка расмий өкүлдөрүнүн бири-бирине каршы келген билдирүүлөрү көнүмүш адат болуп калды. Дүйнө коомчулугу мындай билдирүүлөргө көнүп бүткөн. Алардын көбү ички аудиторияга гана багытталган», – деди ал.

Пак Айиндин айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп аскердик жана саясий багытта чыныгы абалды кабыл алууга аргасыз болгон. Бирок ички саясаттагы кыйынчылыктарды жашыруу жана америкалык коомчулукка өзүн жеңүүчү катары көрсөтүү үчүн ар кандай билдирүүлөрдү жасап жатат.

Ал АКШ Конгрессинде согушту токтотууга байланыштуу сунуштар көтөрүлүп жатканын, күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү боюнча убадалар да аткарылбай калганын белгилеп, ушул жагдайлар Трампты өзүнө жасалма ийгиликтерди жаратууга түртүп жатканын айтты.

Эксперт мындай билдирүүлөргө Иран олуттуу маани бербей турганын баса белгиледи.

«Биз үчүн эң негизгиси – тараптар ортосунда акырында кандай келишим түзүлөрү, ага кимдер кол коёру жана анын аткарылышына кандай кепилдиктер берилери. Ошол гана чыныгы өлчөм болуп эсептелет. Азырынча ал баскычка жете элекпиз», – деди ал.

Пак Айин сүйлөшүүлөрдүн азырынча биринчи гана айлампасы өткөнүн белгилеп, дос да, атаандаш да бул айлампа жалпы жонунан Ирандын пайдасына болгонун моюндап жатканын айтты.

«Иран аскердик тармакта кандай артыкчылык көрсөткөн болсо, ошол эле күч дипломатиялык фронтто да көрүнүп жатат. Бирок азырынча эч нерсе аяктай элек. Биз болгону биринчи айлампаны өткөрдүк. Ошентсе да Иран өзүнүн позициясынан тайган жок жана мындан ары да улуттук кызыкчылыктарын коргой берет. Ошондой эле Ливандагы согушту токтотуу боюнча талаптарыбыз күчүндө калууда», – деди ал.

Ал Ливан менен Израилге байланышкан сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына да токтолду.

Анын айтымында, бул маселе боюнча бешинчи сүйлөшүү айлампасы өттү жана анда Израиль алсыз позицияда калды, ал эми «Хезболла» кыймылынын мүмкүнчүлүгү жогору бойдон калууда.

«Эгер Израиль ок атышууну токтотуу келишимин бузууга аракет кылса, анда Иран менен “Хезболла” тарабынан олуттуу жооп кайтарылат», – деди ал.

Ошол эле учурда ал азыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын акыркы чечим катары кароого болбой турганын белгиледи.

«Кийинки сүйлөшүү айлампалары кандай өтөрүн күтүшүбүз керек. Бир нерсе анык – ирандык сүйлөшүүчүлөр өлкө лидеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык, Иран элинин мыйзамдуу укуктарын жана каршылык көрсөтүү огунун кызыкчылыктарын чечкиндүү түрдө коргоп жатышат», – деди ал.

Пак Айин ошондой эле Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушууда айрым мамлекеттер бул келишимдин ишке ашышына каршы болуп жатканын билдирген сөзүнө да токтолду.

Анын пикиринде, дүйнөдө бул жараяндын ийгиликсиз болушун эң көп каалаган тарап – Израил гана.

«Аймактагы мамлекеттер дагы, дүйнөнүн башка өлкөлөрү дагы, өзгөчө Европа мамлекеттери согуштун токтошун каалашат. Анткени алар АКШнын Иранга каршы жүргүзгөн аскердик аракеттеринен жана анын кесепеттеринен экономикалык чыгым тартышты. Мунайдын кымбатташы жана Ормуз кысыгынын жабылышы алар үчүн чоң көйгөй болду. Ошондуктан бул жаңжалдын аяктап, аймакта тынчтык орношу бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына туура келет», – деди ал.

Ал Шахбаз Шарифтин кайсы мамлекеттерди айтканын билбей турганын белгилеп, анын жеке баамында бул келишимге каршы турган жалгыз тарап Израил экенин кошумчалады.

«Израил өзүнүн саясий жашоосун согуштун уланышы менен байланыштырып келет. Ошондуктан ал тынчтык келишимине каршы чыгууда», – деди ал.

Пак Айин ошондой эле НАТОнун баш катчысынын АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясына Италия жана Румыния дагы колдоо көрсөткөнү тууралуу билдирүүсүнө да комментарий берди.

«Мен билген маалымат боюнча, Италия бул дооматтарды четке какты. Менимче, мындай билдирүүлөр көбүнчө маалыматтык мейкиндикте жүргүзүлгөн өнөктүктүн бир бөлүгү болуп саналат жана алардын максаты – Иран менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилени начарлатуу», – деди ал.

Ошол эле учурда эксперт эгер НАТО, Италия же Румыниянын АКШнын Иранга каршы аракеттерине катышканы тастыкталса, анда алар жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирин билдирди.