Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясынын Сирик шаарына АКШ тарабынан жасалган соккуга жооп кайтарарын билдирди.
ИРСК тараткан билдирүүдө төмөнкүлөр айтылат:
«Биздин деңиз жана аба күчтөрү бул чабуулдун мизин кайтара алышты. Алар агрессордун күчтөрүн артка чегинүүгө мажбурлап, Ирандын өз аймагы жана аймактык суулары үстүндөгү эгемендүүлүгүн коргоп калышты».
Ошондой эле билдирүүдө:
«Бул агрессия жоопсуз калбай турганын баса белгилейбиз. Биздин жооп өзүбүз тандаган убакта жана өзүбүз тандаган жерде тез жана чечкиндүү болот. Ар кандай жаңы чагымчыл аракеттерге катуу жооп берилерин эскертебиз. Мындай жооп аймактагы агрессорлордун бардык жаңылыш эсептерин жокко чыгарат», — деп айтылат.
Буга чейин Ирандын маалымат каражаттары Сирик шаарында жардыруулар болгонун жана шаардын деңиз пристанына чабуул жасалганын билдиришкен.
Ал эми АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) өз билдирүүсүндө, Ормуз кысыгында жүк ташуучу кемеге бир күн мурда жасалган кол салууга жооп катары Ирандын жээк аймагындагы объектилер бутага алынганын маалымдаган.