ДСУ: Венесуэладагы жер титирөөдөн кийин алгачкы 72 саат адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү мааниге ээ

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Чиро Угарте Венесуэлада удаасы менен болгон эки күчтүү жер титирөөдөн кийин алгачкы 72 саат жабыркагандардын өмүрүн сактап калуу үчүн эң маанилүү мезгил экенин билдирди.

Ошондой эле Панамерикалык саламаттык сактоо уюмунун (ПАСУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча директору кызматын аркалаган Угарте бул тууралуу Женевадагы БУУнун кеңсесинде өткөн жумалык маалымат жыйынында айтты. Жыйынга БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын өкүлү Йенс Лерке жана БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Мэтью Солтмарш да катышты.

Угарте Венесуэланын саламаттык сактоо системасы буга чейин эле гуманитардык кризистен улам алсыз абалда болгонун белгилеп, мындай деди:

«Бул эки жер титирөө медициналык жабдууларга, жаракат алгандарга жардам көрсөтүүгө, саламаттык сактоо мекемелеринин абалын баалоого жана иштерди координациялоого кошумча чоң колдоо керек экенин көрсөттү. Издөө-куткаруу иштери, жабыркагандарга жардам берүү жана келтирилген зыянды баалоо уланып жаткандыктан, каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн».

Ал белгилегендей, азыркы эң башкы милдет – мүмкүн болушунча көп адамдын өмүрүн сактап калуу жана жаракат алгандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү.

«Алгачкы 72 саат адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү мааниге ээ. Бардык күч-аракет жабыркагандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган. Өзгөчө урап калган имараттар жайгашкан аймактарда массалык жаракаттарды дарылоо жана издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү негизги артыкчылык болуп саналат», — деди Угарте.

Ал ошондой эле убактылуу баш калкалоочу жайларда жашаган адамдар арасында саламаттык сактоо көйгөйлөрү күчөшү мүмкүн экенин айтып, негизги медициналык кызматтарды үзгүлтүксүз камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Башкы артыкчылык – издөө-куткаруу иштери

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын өкүлү Йенс Лерке жер титирөө ар бир мамлекет үчүн эң кыйраткыч кырсыктардын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда Венесуэлага жардам көрсөтүү үчүн эл аралык коомчулук кеңири мобилизацияланды.

«Гуманитардык жардам системасы Венесуэла өкмөтүнүн жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан иштерди тез жана кеңири масштабда колдоп жатат. Азыркы эң башкы милдет – издөө жана куткаруу иштери. Өзгөчө жакындарынын тагдыры белгисиз болуп жаткан адамдар менен биргебиз. Ошондуктан издөө-куткаруу иштерин мүмкүн болушунча тез жүргүзүү эң маанилүү», — деди ал.

Леркенин маалыматына ылайык, Издөө жана куткаруу боюнча эл аралык консультациялык топтор тармагы (INSARAG) аркылуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 25 куткаруучу топ, жалпысынан 1 000 куткаруучу тартылган. Алардын 17си шаардык шарттардагы издөө-куткаруу топтору болуп саналат. Калган топтор жакынкы күндөрү келип, дароо ишке киришет.

Ошондой эле БУУнун Кырсыктарды баалоо жана координациялоо системасы (UNDAC) да ишке тартылып, Венесуэладагы куткаруу иштерин координациялоого жардам берет.

Латын Америкасында жана Кариб аймагында 6,9 миллион венесуэлалык качкын жана мигрант бар

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Мэтью Солтмарш уюм Венесуэладагы кыйраткыч жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу үчүн кызматкерлерди жана ресурстарды мобилизациялаганын билдирди.

Анын айтымында, өкмөт өзгөчө кырдаал жарыялап, эвакуация жүргүзүп, айрым кызматтарды убактылуу токтотуп, медициналык жана куткаруу топторун ишке киргизди.

«Жер титирөө өлкөдөгү эң аялуу катмарлар, анын ичинде качкындар, кайтып келген адамдар жана башка муктаж жарандар үчүн тобокелчиликти дагы күчөтөт. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы мамлекеттик органдар жана гуманитардык өнөктөштөр менен биргеликте жабыркаган аймактардагы муктаждыктарды баалап, жардам көрсөтүүнү координациялап жатат», — деди Солтмарш.

Ал белгилегендей, 2025-жылдын аягына карата Венесуэлада 210 миңден ашуун качкын жана башпаанек издеген адамдар жашап келген.

Мындан тышкары, учурда Латын Америкасы жана Кариб деңизи өлкөлөрүндө 6,9 миллион венесуэлалык качкын жана мигрант бар. Алардын 4 миллиону гуманитардык жардамга муктаж.

Венесуэлада эки күчтүү жер титирөө болду

АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына ылайык, Венесуэлада 39 секунд аралык менен удаасы менен 7,2 жана 7,5 магнитудалуу эки күчтүү жер титирөө катталган.

Венесуэланын саламаттык сактоо министри Карлос Альварадо билдиргендей, акыркы маалыматтар боюнча 235 адам каза болуп, 4 300дөн ашуун адам жаракат алды.

Издөө-куткаруу иштери дагы эле уланып жаткандыктан, каза болгондордун жана жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуу бар.