Al Jazeera телеканалы Ирандын «Шейит Имамы» Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатын жөн гана диний жөрөлгө эмес, Ислам Республикасынын саясий түзүлүшүнүн туруктуулугун жана бийликтин биримдигин көрсөткөн символ катары баалады. Телеканал аземдин ар бир этабы өлкөнүн туруктуулугу, диний институттардын ролу жана Ирандын аймактагы орду тууралуу өзүнчө саясий билдирүү экенин белгилейт.
Маалыматка ылайык, Хаменеини акыркы сапарга узатуу аземи бир гана Тегеран менен чектелбейт. Жети күнгө созулган иш-чаралар Тегеранда башталып, андан соң Кум, Ирактын Нажаф жана Кербала шаарларында уланат. Акыркы сапарга узатуу жана жерге берүү аземи Машхад шаарында жыйынтыкталат. Басылма мындай программа кокустук эмес, ички жана тышкы аудиторияга багытталган саясий, диний жана символдук мааниге ээ экенин белгилейт.
Расмий коштошуу — дүйнөгө туруктуулук жөнүндө билдирүү
Al Jazeera аземдин биринчи этабын — чет мамлекеттердин өкүлдөрү жана расмий делегациялар катышкан коштошуу иш-чарасын — «Шейит Имамдан» кийинки мезгилде Ислам Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасы үзгүлтүксүз иштеп жатканын көрсөткөн белги катары мүнөздөйт. Чет элдик делегациялардын катышуусу бул иш-чара жөн гана ички же диний окуя эмес экенин, анын аймактык жана эл аралык деңгээлде да саясий мааниге ээ экенин көрсөтөт.
Тегеран — мамлекеттик бийликтин улануусунун символу
Al Jazeera элдик жана негизги коштошуу аземинин борбор калаа Тегеранда өткөрүлүшүн өзгөчө маанилүү деп эсептейт. Анткени бул жерде өкмөт, парламент, сот бийлиги, куралдуу күчтөр жана мамлекеттик түзүмдөрдүн башка өкүлдөрү биргелешип катышат.
Телеканалдын баамында, бул көрүнүш Ислам Республикасынын мамлекеттик системасы мурдагыдай эле биримдиктүү, күчтүү жана туруктуу экенин билдирет.
Кум — лидерлик менен семинариянын байланышы
Al Jazeera маркумдун сөөгүнүн Кум шаарына жеткирилишине өзгөчө көңүл бурат. Кум Ирандагы шиит диний окуу жайларынын жана диний илимдин эң ири борбору болуп эсептелет. Бул жерде өткөрүлгөн азем өлкө жетекчилиги менен диний аалымдардын жана диний билим берүү борборлорунун өз ара байланышын дагы бир жолу айгинелейт.
Нажаф жана Кербала — Ирандын чегинен тышкары
Талдоодо Ирактын Нажаф менен Кербала шаарындагы иш-чаралар акыркы сапарга узатуу аземинин эң маанилүү эл аралык бөлүгү катары бааланат.
Al Jazeera белгилегендей, бул эки шаардагы азем Ирандын бүткүл шиит дүйнөсүнө жолдогон билдирүүсүн чагылдырат. Нажаф — шиит дин аалымдарынын эң ири борборлорунун бири болсо, Кербала — Ашура маданиятынын жана шииттердин тарыхый өзгөчөлүгүнүн негизги символу.
Телеканал бул этап Ирандын аймактагы ордун жана Ирактагы, ошондой эле дүйнөлүк шиит коомчулугу менен болгон диний жана саясий байланыштарын дагы бир жолу көрсөтөрүн белгилейт.
Эмне үчүн Машхад тандалды?
Al Jazeera Машхад шаарынын акыркы жерге берүү жайы катары тандалышын эки негизги себеп менен түшүндүрөт.
Биринчиси — аятолла Али Хаменеинин туулган жери ушул шаар болсо, экинчиси — бул жерде сегизинчи имамы Имам Резанын ыйык күмбөзү жайгашкан.
Анын Имам Резанын күмбөзүнүн жанында жерге берилиши лидердин жеке өмүр жолу менен байланышып гана тим болбостон, бул жайды Ирандагы эң маанилүү зыярат борборлорунун бири катары дагы бекемдейт.
Акыркы сапарга узатуу — Ислам Республикасынын системасындагы жаңы этаптын башталышы
Жыйынтыгында Al Jazeera Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу тарыхый доордун аягы эмес, андан кийинки Ислам Республикасында жаңы доордун башталышы экенин баса белгилейт.
Телеканалдын баамында, элдин катышуусунун деңгээли, чет элдик делегациялардын келиши, диний борборлордун ролу жана аземдин уюштурулушу Иран Ислам Республикасынын саясий түзүмүнүн биримдигин жана туруктуулугун көрсөтө турган негизги көрсөткүчтөр болуп саналат.
Al Jazeera акырында бул акыркы сапарга узатуу аземи мамлекеттин, диний институттардын, коомчулуктун жана дүйнөлүк шиит жамаатынын бирдиктүү символуна айланып, Иран Ислам Республикасынын саясий системасынын улануусу жана туруктуулугу тууралуу ички жана тышкы аудиторияга маанилүү билдирүү жөнөтөрүн белгилейт.