Бул күндөрү Иранда шейит болгон өлкөнүн рухий лидери Сейед Али Хаменеинин сөөгүн жерге берүү жана коштошуу зыйнаты өтүүдө. Бул иш чарага дүйнөнүн 100гө жакын өлкөлөрүнүн жогорку дарадалуу жетекчилери катышып жатышат. Рухий лидердин кандай инсан болгондугу жана мусулман дүйнөсүндөгү ээлеген орду тууралуу диний ишмер Асан Саипов “Евразия бүгүн” агенттигине билдирди:
– Биз бүгүнкү күндө АКШ жана Израилдин Иранга болгон аракетин жана ар түрдүү санкцияларын дүйнөдөгү мусулмандарга каршы уюштурулуп жаткан кадам деп эсептесек болот.
Анткени Америка, Израиль мамлекеттеринин бириктирилген аскердик соккусу Иран Ислам Республикасынын лидери аятолла Али Хаменеи жана бир нече өлкө жетекчилеринин өлүмү менен аяктады.
Бирок бул болуп өткөн окуяларда Иран Ислам Республикасынын лидеринин ислам дүйнөсүндөгү орду жана деңгээлинин бийиктиги ачык көрүндү. Анткени аятолла Али Хаменеи Израилдин Палестинага жасаган кыянатчылыгына баа берип, мусулман өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп жактап, жардам колун сунган инсан болду. Ошону менен бирге, Палестина өзүнүн эли үчүн гана эмес, бүтүндөй ислам дүйнөсү үчүн ыйык экендигин, ошол эле маалда ар бир мусулман ал жерди коргоп жардам берүүсү керектигин дайыма айтып келген. Анткени бул дүйнөлүк маселе болчу.
Ал Иерусалимдеги ыйык жайларды коргоону мусулман дүйнөсүнүн башкы милдети деп атап, Палестина эли өз тагдырын элдик референдум аркылуу өзү чечиши керектигин билдирген. Ошол эле учурда Палестинаны тебелеп-тепсеп, жарандарын кары-жашына карабай өлтүрүп жаткан Изралди жана аны колдоп жаткан бүтүндөй Европа элине каршы бир гана Иран Ислам Республикасы, анын башында турган Али Хаменейи гана каршылыгын билдирди. Колунан келген жардамын берип, Израилдин Палестинадагы саясатын сынга алды”, – деди эксперт.
Анын айтымында, Иран мамлекети жыл сайын ыйык Рамазан айынын акыркы жумасында эл аралык “Аль-Кудс” күнүн белгилеп, анда израилдиктердин зулумдуктарын ачык айтып, палестиналыктарга жардам жана алардын эркин жашоосуна мүмкүнчүлүк берүү демилгесин көтөрүшү буга ачык далил.
“Негизи эле Израиль бийлигинин жасап жаткан зулумдугу такыр туура эмес. Анткени тарыхта айтылып жүргөндөй, Израиль өзү Европадан, Германиядан зулумдук көргөндө Палестинадан жардам сурап, ошол жерден эркиндик алып жашап келгени жашыруун эмес. Тилекке каршы, өзүн кучак жая тосуп алган палестиналыктарга кыргын салып, кары-жашына карабай өлтүрүп, өз үйлөрүнөн кууп чыгып жатканы акылга сыйбайт. Алардын бул аракети эл аралык укукка, мыйзамга да жооп бербеген окуя. Чындыгында бир күнү бул аракеттери Израиль өзүнүн зулумдугунун аркасында бир күнү жеңиле тургандыгын жана өз баштарына кайтып келе тургандыгын билиши керек”, – деп кошумчалады ал.
А. Саипов билдиргендей, араб жана башка мусулман мамлекеттеринин бири да палестиналыктарга Иран сыяктуу жардам берген жок. Америка менен Израилдин аракеттери мусулмандарга каршы жасап жаткан чоң баскынчылыгынын ачык-айкын далили.
“Биз Кыргызстан мусулмандары жана жеке өзүм Иран элине жана жетекчилери менен кошо бир канча жашы жете элек балдардын өлтүрүлүүсүнө чын дилимден көңүл айтам. Мындан ары жакшылыктар болсун демекчибиз”, – деди Асан Саипов.