Иранда 28-февралда АКШ менен Израилдин агрессиясынын биринчи күнүндө шейит болгон Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи менен коштошуу аземдери башталды. Тегеран бул иш-чараны “кылымдын эң маанилүү окуясы” деп атады. Чынында эле, 86 жаштагы лидер менен коштошуу адамзат тарыхындагы эң ири сөөк коюу аземи гана эмес, ошондой эле байыркы элдин ишенимин жана эркин көрсөткөн окуя болуп саналат.

Россиялык РИА Новости маалымат агенттигинин серепчиси Пётр Акоповдун пикиринде, Хаменеи менен коштошуу аземинин өзү болуп көрбөгөндөй деңгээлде уюштурулду: рахбар Хаменеи менен алты күн бою коштошушат. Анын сөөгү 9-июлда гана өзү туулуп-өскөн жана ирандыктар үчүн ыйык шаар болуп саналган Мешхедде жерге берилет. Ал эми Тегеранда коштошуу аземдери 3-июлдан баштап башталды.
Борбор калаадагы аземдер 6-июлга чейин уланат. Андан кийин маркумдун сөөгү Кум шаарына жеткирилет. Андан соң коштошуу аземи Ирандын чегинен тышкары өтүп, шииттер үчүн эң ыйык эсептелген Ирактын Кербела жана Нажаф шаарларында уланат. Ошондон кийин гана аятолланын сөөгү Мешхедде түбөлүк жайына коюлат.
Көптөгөн чет элдик делегациялардан тышкары, жалпысынан 20 миллиондон ашык адамдын катышары күтүлүүдө. Бул көрсөткүч 1989-жылы Ислам Республикасынын негиздөөчүсү имам Хомейнинин тажиясына катышкан адамдардын санынан эки эсе көп. Имам Хомейни менен эки күн гана коштошушкан. Азыркыдай болуп төрт ай күтүүгө туура келген эмес. Иран бийлиги согуштук кырдаалга байланыштуу жана жаңы лидерге азем учурунда кол салуу коркунучу жогору болгондуктан коштошууну кийинкиге жылдырган.
Израиль Можтаба Хаменейди өлтүрүүнү көздөп жатканын жашырган эмес. Башкача айтканда, анын атасына карата жасалгандай эле аракетти ага карата да жасоону көздөгөн. Анткени аятолланын үйүнө урулган соккудан анын өзү гана эмес, кызы, келини, 14 айлык небереси жана күйөө баласы да каза болгон.
Ошондуктан бүгүн ирандыктар Хаменеилердин беш мүчөсү менен коштошуп жатышат. Бирок агрессорлор, албетте, лидердин бүт үй-бүлөсүн өлтүрүүнү көздөшкөн. Ошентсе да Али Хаменеинин жубайы менен уулу Можтаба аман калган. Жаракат алган Можтаба атасынын ордуна шайланган.
Анын коомдук аземдерге катышаары же катышпай турганы азырынча белгисиз. Израиль сокку урат деген кооптонуулардан эмес, (себеби Нетаньяху сөөк коюу зыйнатына бомба таштоого батынбайт, америкалыктар да Израилге жаңы лидерди өлтүрүүгө аракет кылууга тыюу салгандай) анын ден соолугунун абалына байланыштуу. Ал алган жаракаттарынан канчалык деңгээлде айыкканы азырынча белгисиз.
Эгер жаңы Жогорку лидер эл алдына чыгып, дүйнөгө көрүнсө, бул өзү эле өлүмдүн үстүнөн өмүрдүн жеңишин гана эмес, ошондой эле Ирандын дүйнөнүн эң күчтүү мамлекетинин чабуулдарына туруштук берген жеңишин дагы бир жолу тастыктайт.
Кандай болгон күндө да Иран жеңишке жетти. Али Хаменей шейит болду. Ал Ирандын туруктуулугунун жана ишениминин символуна айланды. Шейиттик түшүнүгү шиит агымында буга чейин эле өзгөчө мааниге ээ болсо, эми ирандыктарда чыныгы улуу шейиттин жана патриоттун, мекенди жана ишенимди коргоочунун жаңы символу бар.
Аятолла Хаменеи 37 жыл өлкөнү башкаргандан кийин кандай болгон күндө да Иран тарыхында тарыхый масштабдагы ишмер катары калмак. Ага чейин сегиз жыл президент болуп иштеп, мамлекеттеги эң жогорку жетекчилердин бири болгон. Бирок анын душмандарынын колунан шейит болушу ага болгон кадыр-баркты мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрдү.
Ислам Республикасын кыйратууну башкы максат кылган АКШ менен Израиль тескерисинче анын пайдубалын бекемдеп коюшту. Анткени рухка каршы күч колдонуу жана циникалык керектөөчү материализм согушунда чыныгы ишеним ар дайым жеңет.
Рахбар Хаменеи — Иран тарыхында гана эмес, дүйнөлүк тарыхта чыныгы эр жүрөк баатыр катары калат.