Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф 18-июнда Иран менен АКШнын ортосундагы түзүлгөн меморандум АКШ тарабынан бир нече жолу бузулганын билдирди.
Ал бул тууралуу өзүнүн X соцтармактагы баракчасына жазган.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Галибаф англис тилиндеги билдирүүсүндө АКШ тарабынан 14 пункттан турган меморандумдун эң негизги бузулган шарттарын төмөнкүчө атады:

Ормуз кысыгындагы Иран киргизген тартипти бузуу;
Иранга каршы жаңы аскердик соккулар менен үзгүлтүксүз коркутуулар;
Ирандын түштүк аймактарына чабуул жасоолор;
Мунай санкцияларын кайра киргизүү;
Израилдин Ливандагы агрессиясынын уланышы.
«Коркутуу жана опузалоо доору бүттү. Бул жол менен эч кандай жыйынтыкка жете албайсыңар. Биз эч качан багынып бербейбиз жана артка чегинбейбиз», – деп жазды Галибаф.
АКШ менен Иран кайрадан сокку алмашты
8-июлга караган түнү АКШ Ирандагы 80ден ашуун бутага сокку урган. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматына ылайык, америкалык күчтөр Ирандын абадан коргонуу системаларына, башкаруу жана башкаруу тармактарына, жээктеги радарларга, кемелерге каршы ракеталарга жана кысыкта жана анын жанында жайгашкан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун 60тан ашык чакан катерине сокку урган.
Андан көп өтпөй Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын өлкөнүн түштүгүнө жасаган соккусуна жооп катары АКШнын Бахрейн жана Кувейттеги 85 аскердик объектисине сокку урганын жарыялады.
Маалыматка караганда, АКШнын агрессиясына алгачкы жооп кайтаруунун жүрүшүндө бүгүн эртең менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү жана Аэрокосмостук күчтөрү биргелешкен операция жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар колдонулуп, Бахрейн жана Кувейттеги америкалык 85 аскердик объектиге сокку урулган.
Иран тараптын билдиришинче, операциянын жүрүшүндө АКШнын Бандар-Салман аймагындагы, Бахрейндеги Бешинчи деңиз флотунун жана Кувейттеги Али-ас-Салем авиабазасынын жалпы 85 аскердик объектиси бутага алынды. Ошондой эле операцияга кийлигишүүгө аракет кылган MQ-9 үлгүсүндөгү америкалык учкучсуз учак атып түшүрүлгөнү айтылат.
Билдирүүдө бул аракет ок атышууну токтотуу келишимин жана Исламабаддагы макулдашууну бузганы белгиленген.