Песков: Орусия өзөктүк куралды мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда гана колдонот

«Эгерде Орусия мамлекетинин жашоосуна коркунуч жаралса, өзөктүк курал колдонулат. Болбосо — жок», — деди Кремлдин өкүлү.

Орусия өзөктүк куралды өлкөнүн жашоосуна түздөн-түз коркунуч жаралган учурда гана колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков швейцариялык Die Weltwoche журналына берген маегинде билдирди.

Песков Орусиянын өзөктүк доктринасында өзөктүк куралды колдонуу шарттары так көрсөтүлгөнүн эске салды.

«Бул доктрина абдан так, түшүнүктүү жана жөнөкөй. Эгерде Орусия мамлекетинин жашоосуна коркунуч жаралса, өзөктүк курал колдонулат. Болбосо — жок. Муну түшүнүү өтө маанилүү», — деди ал.

Песковдун айтымында, Орусия өтө чоң жана жоопкерчиликтүү мамлекет болгондуктан, үчүнчү дүйнөлүк согуштун демилгечиси болбойт.

Анын сөзүнө караганда, тарыхка кайрылсак, Орусия эч качан дүйнөлүк согушту баштаган эмес.

«Бирок согуш бизге каршы башталганда, биз аягына чейин жооп бергенбиз», — деди ал.

Ошондой эле Кремлдин өкүлү Орусия жакын арада тактикалык өзөктүк курал колдонууга аргасыз болот деген божомолдорду негизсиз деп атады.

«Биз атайын аскердик операцияны өзөктүк куралсыз эле улантып, алдыбыздагы максаттарга ийгиликтүү жетише алабыз. Азыр да ушундай кылып жатабыз», — деп кошумчалады ал.

Орусия менен АКШнын мамилеси тууралуу сөз кылган Песков алардын азыркы абалы «эң жакшы эмес» экенин белгиледи.

Ошол эле учурда ал Москва менен Вашингтон бири-бири менен сүйлөшүүгө жетиштүү деңгээлде акылдуу экенин айтты.

Мындан тышкары, Песков Европанын Орусияны жеңүүгө болгон үмүтүн «тарыхтагы эң чоң жаңылыштык» деп атады.

«Европа өлкөлөрү азыркыга чейин Орусияны стратегиялык жактан жеңе алабыз деп ойлошот. Бул — тарыхтагы эң чоң жаңылыштык», — деди ал.

Анын пикиринде, азыркы европалык саясатчылардын көбү популисттер.

«Шайлоочулардын арасында жек көрүү сезимин жаратуунун эң оңой жолу — Орусияны башкы душман катары көрсөтүп, анын айланасында биригүүгө чакыруу», — деди Песков.

Ал Европага Орусияны коркунуч катары көрсөтүү пайдалуу экенин белгиледи.

«Ошентип көбүрөөк акча коротууга, экономикадагы кризистин белгилерин көз жаздымда калтырууга жана бардык көйгөйлөрдү Орусияга шылтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди ал.

Ошону менен бирге Песков Орусия диалогго мурдагыдай эле ачык экенин айтып, Эмманюэль Макрон билдирүүлөрдү кайра-кайра жасай бербей, Владимир Путинге телефон чалат деген үмүттө экенин билдирди.

«Биз диалогго мурдагыдай эле ачыкпыз жана президент Макрон миңинчи жолу билдирүү жасагандан көрө, телефон көтөрүп президент Путинге чалат деп күтөбүз», — деди ал.

Ошондой эле Песков Европа өлкөлөрүнө Орусия менен чыңалууну азайтуу үчүн төрт жөнөкөй кеңеш берди.

Анын айтымында:

  • Орусия Европа үчүн коркунучтун булагы эмес.
  • Орусиянын коопсуздукка байланыштуу тынчсызданууларын угуу керек.
  • Эгер бул тынчсыздануулар эске алынбаса, көйгөйлөр жаралат.
  • Орусия менен диалогду мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүү зарыл, анткени Орусия сүйлөшүүгө ачык, ийкемдүү жана даяр.

«Мунун баары ушунчалык жөнөкөй», — деп жыйынтыктады Песков.