Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

УКМК тарабынан диний-экстремисттик ишмердүүлүккө каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагында ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу коопсуздук органынын маалымат  кызматы билдирди.

Аталган адамдар экстремисттик идеологияны жайылтууга багытталган мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенип, ошондой эле экстремисттик мазмундагы материалдарды даярдоо жана таратуу иштерин жүргүзүп келишкен.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар»), 331-беренесинин 2-бөлүгүндө («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») жана 332-беренесинин 2-бөлүгүндө («Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 12 активдүү мүчөсүнүн жашаган жерлеринде тергөө жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

 

1 of 8

Тинтүү иштеринин жыйынтыгында «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү диний адабияттар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар (DVD-дисктер), уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбук, учкучсуз учуучу аппарат (БПЛА), акча каражаттары, ошондой эле «ИЖ-37», «Байкал МР-651 КС» жана «Синза» үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчалар табылып, алынды.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын, ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.