Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу жана жерге берүү аземи анын туулган жери Мешхед шаарында башталды. Миллиондогон адамдардын катышуусундагы аза күтүү жүрүшү бир нече чакырымга созулуп, Имам Резанын күмбөзү тарапты көздөй багыт алды.
Видеоплеер
00:00
01:31
Хаменеинин табыты салынган унаа миңдеген адамдардын коштоосунда Мешхеддин башкы көчөсү менен жерге берүү жайы Имам Реза күмбөзү көздөй жылып бара жатат.
Эл колдоруна Ирандын мамлекеттик желегин, кызыл желектерди жана Хаменеинин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Күндүн аптабын жеңилдетүү үчүн аза жүрүшү өткөн жолдун боюна суу бүркүүчү жабдуулар орнотулган.
Видеоплеер
00:00
00:30
Хаменеи менен коштошуу аземин чагылдыруу үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн, анын ичинде Батыш мамлекеттеринен жүздөгөн журналисттер келишкен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сапаттуу сүрөт жана видео тартууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында айрым имараттардын чатырларынан атайын аянтчаларды уюштурган.
АКШ менен Израилдин соккуларынын натыйжасында 28-февралда каза болгон Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты 3-июлда Тегеранда башталган. Ага дүйнөнүн кеминде 100 өлкөсүнөн келген жогорку деңгээлдеги расмий делегациялар катышкан.
4–5-июлда аятолланын сөөгү Тегерандагы эң ири диний жана коомдук комплекстердин бири болгон “Мосалла” комплексинде коюлып, каалоочулар коштошо алышты. 6-июлда Тегерандын негизги көчөлөрүндө аза күтүү жүрүшү өткөрүлүп, андан кийин сөөк Ирандын башкы диний борбору болгон Кум шаарына жеткирилген. Ал жерде 7-июлда дагы коштошуу иш-чаралары уюштурулган.
Ошол эле күнү кечинде Хаменеинин сөөгү Иракка жеткирилип, Нажаф жана Кербела шаарларында өзүнчө аза күтүү аземдери өткөрүлдү.
Маркумдун сөөгү Мешхедке бүгүн эртең менен учак менен алып келинди.