Израилде массалык иш таштоо башталды

Израилде массалык иш таштоо башталды

Израилде Палестинанын ХАМАС кыймылынан Газа тилкесинде барымтага алгандарды бошотуу талабы менен миңдеген адамдар иш таштоодо, деп билдирет Би-Би-Си. 1-сентябрдын кечинде демонстранттар Иерусалимдин кире беришин тосуп алышкан. Израилдин борбору Тель-Авивде да он миңдеген жарандар массалык иш таштоого чогулушту. Нааразылык акциялары жана иш таштоо Израил армиясы Газа тилкесинде барымтадагы алты адамдын сөөгүн тапкандан кийин болду. Демонстранттар Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен анын өкмөтүн ХАМАС менен келишимди кечеңдетип жатат деп айыпташууда. Израилдин “Гистадрут” профсоюздар федерациясы дүйшөмбү күнү өлкөдө жалпы иш…

Прочитайте больше

Өзбекстан Олимпиада чемпиондорун кантип сыйлады?

Өзбекстан Олимпиада чемпиондорун кантип сыйлады?

Ташкентте Өзбекстандын олимпиадалык курама командасын салтанаттуу тосуп алышты. Ташкентте Парижден кайтып келген Өзбекстандын олимпиадалык курама командасынын салтанаттуу жыйыны болду. Ал эми кийинчерээк Улуттук Олимпиада комитети 2024-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана медалчыларын сыйлоо аземин өткөрдү. Сегиз Олимпиада чемпионунун ар бири Тахо, эки кабаттуу коттедждер жана 200 миң доллардан акчалай сыйлык алышты. Эки күмүш медалдын ээси BYD Song Plus Champion унаасы, батирдин ачкычы жана 100 миң доллар байге фонду менен сыйланышты. Үч коло байгеге дагы BYD…

Прочитайте больше

Иран: Пезешкиан президенттикке бекитилип, биринчи вице-президентти дайындады

Иран: Пезешкиан президенттикке бекитилип, биринчи вице-президентти дайындады

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жаңы шайланган Масуд Пезешкянды Ислам Республикасынын президенти кылып бекиткен жарлыкка кол койду. Тегерандагы иш-чарага Иран жетекчилигинен көптөгөн жогорку даражалуу расмий адамдар катышты. Салтанат Ички иштер министрлигинин башчысы Ахмад Вахидинин президенттик шайлоо кандай өткөнү тууралуу баяндамасы менен башталды. Жарлыктын текстин Хаменеинин кеңсесинин башчысы Мохаммад Гольпаегани окуду. Түп нусканы Жогорку лидер Пезешкянга жеке өзү тапшырды. Жаңы президент элге ыраазычылык сөздөрүн айтып, элди ынтымакка, биримдикке чакырды. Шайланган президентти бекитүү аземи милдеттүү болуп саналат жана ал Мажлис имаратында (бир палаталуу парламент) боло…

Прочитайте больше

2040-жылы Жерде бир миллиардга жакын адам сымал робот пайда болушу мүмкүн

2040-жылы Жерде бир миллиардга жакын адам сымал робот пайда болушу мүмкүн

Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск адам сымал роботтордун массалык өндүрүшү 2026-жылы башталарын айтты. Бул туурасында анын Х социалдык тармактагы баракчасында айтылат. Өз кайрылуусунда ал келерки жылы роботтордун чакан партиясы ички колдонуу үчүн чыгарылып, бир жылдан кийин массалык өндүрүш башталарын билдирди. Масктын айтымында, техника жасалма интеллект, ошондой эле компаниянын унааларында колдонулган ар кандай датчиктер менен жабдылат. Адамдын бетинин ордуна монитор орнотулуп, анда пайдалуу маалыматтар чыгып турат. Масктын божомолуна ылайык, 2040-жылы Жер бетинде бир миллиардга жакын мындай роботтор…

Прочитайте больше

Аятолла Хаменеинин Газаны колдоп чыккан америкалык студенттерге тилектештик билдирүүсү

Аятолла Хаменеинин Газаны колдоп чыккан америкалык студенттерге тилектештик билдирүүсү

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи палестиналыктарды колдоп чыккан америкалык университеттердин студенттерине кайрылуу-кат жазып, анда алардын Палестина элин коргоодогу позициясын жогору баалады.

Прочитайте больше

Бишкектеги кинотеатрда Ирандын тасмалары акысыз көрсөтүлөт

Бишкектеги кинотеатрда Ирандын тасмалары акысыз көрсөтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 11-15-июнь күндөрү Бишкекте экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” (БЭКФ) өтөт. Беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө. Анын алкагында, Иран киносунун жумалыгы да өтөт. “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборборунан маалымдашкандай, көрүүчүлөргө Ирандын төрт көркөм жана бир анимациялык тасмасы көрсөтүлөт. Алар «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борборунан мамлекеттик каттоо күбөлүктөрүн алышкан. Тасмалар Бродвей кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт. Көрүүчүлөргө Ирандын төмөнкүдөй тасмалары тартууланат:

Прочитайте больше

Иранда Ислам республикасынын негиздөөчүсү Хомейнини эскерип жатышат. Сүрөт

Иранда Ислам республикасынын негиздөөчүсү Хомейнини эскерип жатышат. Сүрөт

Бүгүн, 3-июнь Иран боюнча Ислам республикасынын негиздөөчүсү Имам Рухулла Хомейнинин дүйнөдөн кайткандыгынын 35 жылдыгы белгиленип жатат. Жыл сайын бул күнү өлкөнүн бардык аймагында ислам революциясынын шыктандыруучусунун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык конференциялар, семинарлар жана форумдар өткөрүлөт. Хомейнинин мавзолейинде жекшемби күнү өткөн эскерүү иш-чарасына жогорку даражалуу адамдар, анын ичинде өлкөнүн убактылуу президенти Мохаммад Мохбер катышты. Бул күнгө карата Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи да сөз сүйлөйт.   1 of 6 -+ Ислам революциясынын лидери 1989-жылдын 3-июнунда…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты. Сүрөт

Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты. Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди. Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь – Александр Лукашенко, Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан – Садыр Жапаров, Россия – Владимир Путин, Тажикстан – Эмомали…

Прочитайте больше

Грузияда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору депутаттарды мушташтырып, элди көчөгө чыгарды

Грузияда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору депутаттарды мушташтырып, элди көчөгө чыгарды

15-апрелде Грузия парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитети “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Өлкөдөгү оппозиция өкүлдөр бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгууда. Талаштуу мыйзам долбоору парламент депутаттарын мушташтырып, миңдеген адамды көчөгө чыгарды. Демонстранттар тартип сакчылары менен кагылышып, бир канча адам кармалганы маалымдалды. Депутаттарды мушташтырган мыйзам Грузияда кабыл алынганы жаткан “чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзам долбоору парламент комитетинде каралып жатканда оппозициячыл “Жарандар” партиясынын лидери Алеко Элисашвили парламенттеги көпчүлүк коалициянын өкүлү, “Грузин кыялы” партиясынын…

Прочитайте больше

“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

Кыргыз тасмасы Казакстанда 4 күндүн ичинде 1 млн доллардан ашык каражат топтоду. Режиссер Руслан Акун тарткан “Бейиш – эненин таманында” кыргыз тасмасы Казакстанда прокатка чыккан төрт күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) $1 млн доллардан ашык акча жыйнаганга жетишти. Кыргыз тасмасы чет элдик фильмдерди артка калтырып, кассалык сатуулар боюнча коңшу өлкөдө биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Казакстандын Ticketon билеттерди сатуу кызматы билдирди. Тактап айтканда, Руслан Акундун тасмасы бардык Голливуд жана Казакстан тасмаларынан, анын ичинде “Кунг-фу Панда…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Ибрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Раиси Нооруз – бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи. “Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана…

Прочитайте больше

Нооруз – Иранда Жаңы жыл. Видео

Нооруз – Иранда Жаңы жыл. Видео

Нооруз – Ирандын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген руханий жана маданий мурасы. “Нооруз” сөзү перс тилинен «жаңы күн» деген маанини берип, жаңы жылдын келишин билдирет. Нооруз майрамы белгиленген 21-март Иранда расмий түрдө кабыл алынган күн календары боюнча жаздын биринчи күнү болуп саналат.

Прочитайте больше

Ирандыктар ыйык Рамазан айын кандай өткөрүшөт?

Ирандыктар ыйык Рамазан айын кандай өткөрүшөт?

Рамазан айы башталып, дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандар мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт. Рамазан айы ар бир өлкөнүн мусулман коомчулугунда калыптанып калган кылымдардан бери келе жаткан салттар боюнча өткөрүлөт. Ар бир улуттун же өлкөнүн бул айды кандай өткөргөнүнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Биз алдыдагы…

Прочитайте больше

Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Азыркы учурда дүйнөдөгү мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт. Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Орозо  айы кандай өтүп жактанын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук Курултайдын катышуучуларына ооз ачар өткөрдү.  Ирандын Мешхед шаарындагы Имам Реза мавзолейинин аянтындагы ооз ачууга…

Прочитайте больше

Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Нооруз – Иран жана түрк элдеринин улуттук майрамы, адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири. “Нооруз” сөзү перс тилинен которгондо «нав» – жаңы жана «руз» – күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн» дегенди билдирип, күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирет. Ал күн менен түн теңелген маалда, иран календары боюнча фарвардин айынын биринчи күнү (21-мартта) белгиленет. Нооруз түрдүү элдерде ар кандай – Новруз, Навруз, Нуруз, Невруз, Наурыз, Нооруз ж.б. деп аталат. 2010-жылдын февраль айынын аягында…

Прочитайте больше
1 2 3 5