Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадор бийлиги “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери катуу режимдеги абактан качкандан кийин коопсуздук тармагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкөдө «ички куралдуу кагылышуу» режимин киргизди. Өлкөнүн абактарында тополоң чыгып, бүтүндөй өлкөдө баш аламандыктар башталды. Соңку маалыматтарга караганда, тополоңдо кеминде 13 адам  каза болду. Окуянын чоо-жайы 7-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эквадордогу пенитенциардык мекемелерде башаламандыктар орун алганын билдирген. Башаламандык “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери Фито лакап аты бар Адольфо Масиас Гуаякиль шаарынын түрмөсүнөн качып кеткенден кийин башталган. Анын кайда экени белгисиз…

Прочитайте больше

Президент кыргызстандыктарды руханий өзөгүбүзгө кайтууга үндөдү

Президент кыргызстандыктарды руханий өзөгүбүзгө кайтууга үндөдү

Бул тууралуу мамлекет башчы 2023-жылы 31-декабрда Чүй облусунун “Орловка” лыжа базасында жалпы Кыргызстандын элин жаңы – 2024-жылы менен куттуктоосунда айтты. Президент мекендештерин куттуктоосунда мындай деди: – Урматтуу мекендештер! Дал ушул куттуу Чүй жергесинен туруп, маданиятыбызды көтөрүүгө жана билимибизди арттырууга үндөп кетер элем. Чынында, соңку 30 жылдык тарыхыбызда жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, элибиз мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кетти. Коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандарыбыздын катмары…

Прочитайте больше

Миллиарддаган доллар жана деңиз портторуна чыгуу – ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишиминин кандай пайдасы бар?

Миллиарддаган доллар жана деңиз портторуна чыгуу – ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишиминин кандай пайдасы бар?

 Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Ирандын эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшу экономикалык кызыкчылыктардын чегинен чыгып, калыптанып жаткан көп уюлдук системанын ичиндеги байланыштарды чыңдоого жардам берип, өлкөлөрдү Батыштын үстөмдүгүнө каршы күрөштө күчтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк кылат. Мындай пикирин талдоочу жана «Правда» гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы Сергей Кожемякин Ирандын “Fars News” агенттигине билдирди. Анын айтымында, 2023-жыл оңой болгон жок. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы буга чейинки чыр-чатактар тереңдеп, жаңылары пайда болду. АКШнын түздөн-түз катышуусу менен Палестинадагы геноцид бүткүл Жакынкы Чыгышта – Сирия…

Прочитайте больше

Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

Акыркы убакта электрондук чылымдар менен энергетикалык суусундуктардын адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизгендигине карабастан өтө тездик менен дүйнөлүк коомчулукта кеңири жайылып келе жатат. Мунун эпкини Кыргызстанга да келип жетип, эки жыл аралыгында даана байкала баштады. Бул каражаттардын кесепети адамдардын ден соолугуна тийгизген кесепетинен тышкары, тагдырын да талкалаарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да төгүнгө чыгарбайт. Бул маселени Жогорку Кеңештин  трибунасынан бир нече жолу  көтөрүп келе жаткан депутат Таалайбек Масабиров менен вейп чылымдары жана энергетикалык суусундуктардын жаштардын ден соолугуна тийгизген…

Прочитайте больше

Эң узун түн. «Шаб-е Ялда» эмне болгон майрам?

Эң узун түн. «Шаб-е Ялда» эмне болгон майрам?

«Шаб-е Ялда» же «Челле түнү» – жылдын эң узун түнү катары бегиленүүчү ирандыктардын байыркы майрамы. Кыргызстанда аны кыштын эң суук 40 күнү келген «Чилде түнү» деп аташат. Күздүн кетишин, кыштын келишин айгинелеген бул түнү бүт үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, өзгөчө майрамдашат. Ялда түнү күз мезгилдин акыркы күнү күн баткандан баштап, кыш мезгилинин биринчи күнү күн чыкканга чейин майрамдалат, анткени бул күндөн баштап түн кыскара баштайт. Ирандыктар бул күнү кыш мезгилин тосушуп, өзгөчө жөрөлгөлөрдү өткөрүп, алдыда кыш…

Прочитайте больше

Иран 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды

Иран 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды

Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн бир тараптуу виза режимин жокко чыгаруу чечимин  кабыл алды. Бул тууралуу 13-декабрда Маданий мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм министри Эззатулла Заргами өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттерге билдирди. Заргаминин айтымында, Туризм министрлиги сунуштаган 68 өлкөнүн тизмеси өкмөттө каралып, акырында 33 өлкө менен бир тараптуу визаны жокко чыгаруу макулдашылган. Эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат. Бирок…

Прочитайте больше

Миңдеген тонна балыктардын өлүгү Японияда деңиз жээгине чыгып калды

Миңдеген тонна балыктардын өлүгү Японияда деңиз жээгине чыгып калды

Сардина жана  скумбрия балыктарынын өлүгү  Япониянын Хакодатэ жана Хоккайдо балыкчылар портунан анча алыс эмес аралыктагы деңизде калкыган бойдон жээкке сүрүлүп келе баштады.  Өлкөнүн бийлиги балыктардын мындай массалык түрдө өлүмгө учурашынын себебин азырынча айтыша электигин Guardian басылмасы билдирди. Хакодатэ портунун тушундагы өлүү балыктардын өтө көптүгүнөн бир нече километрлик тилке пайда болгон.  Хоккайдонун түштүгүндөгү Тынч окендын эжээги тарапта жайгашкан Накири шаарынын бийлиги шаардын эс алуучу жайына (пляж) 30дан 40 тоннага чейинки сардина балыгы сүрүлүп келгендигин билдирди. Накиринин…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Bloomberg агенттини дүйнө жүзүндөгү эң бай 25 үй-бүлөнүн рейтингин жарыялады. Ага ылайык, БАЭнин башкаруучу династиясы Аль Нахайян, Walmart дүкөндөр түйүнүнүн негиздөөчүсү Уолтондордун үй-бүлөсү жана Hermes люкс брендинин ээлери Эрмес үй-бүлөсү 2023-жылдагы дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөлөр болуп калышты. Тизменин сап башында БАЭнин башкаруучу династиясы Аль Нахайяндар турат, алардын байлыгы 305 миллиард доллар деп бааланган. Рейтингде экинчи орунда Уолтондордун үй-бүлөсү турду. Алардын байлыгы 260 миллиард доллар экендиги маалым болду. Бүлө буга чейин төрт жыл катары менен рейтингдин…

Прочитайте больше

АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерге нааразычылык билдирип көчөгө чыккан демонстранттар АКШ Конгрессинин имаратына кирип барышты. Капитолий полициясы аларды имараттан сүрүп чыгарып, бир нечесин кармаганын Капитолий полициясы X соцтармагынан билдирди. https://youtube.com/watch?v=yQXP5zzYF1M%3Fstart%3D289%26feature%3Doembed «Кармалгандардын арасында үч киши камакка алуу учурунда полиция кызматкерлерине кол салган деп айыпталууда», — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Капитолийдин алдына палестиналыктарды колдоо митингине жүздөй адам чогулганы  кабарланган. Окуяга чейин Конгрессмен Марджори Тейлор Грин полиция күтүлүп жаткан нааразылык акциясынын алдында тосмолорду орнотконун маалымдап, Конгресстин мүчөлөрү анын…

Прочитайте больше

Израиль-Палестина жаңжалынын кыскача тарыхы

Израиль-Палестина жаңжалынын кыскача тарыхы

12.10.2023мажбурлап көчүрүлүп, ондогон жылдар бою оккупация астында жашоого аргасыз болду.PauseMuteLoaded: 0%Progress: 0%Remaining Time -0:10SubtitlesFullscreen Израиль-Палестина жаңжалынын кыскача тарыхы

Прочитайте больше

АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

Америка бийлиги Байден менен Борбор Азия лидерлеринин алгачкы саммити тууралуу маалымат берди Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан президент Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат. «Иш жүзүндө алып караганда С5+1 программасы 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал бекемделди. Эми биз бул иш кандай…

Прочитайте больше

Иран-Сауд Аравия алакасында «жаңы барак» ачылууда

Иран-Сауд Аравия алакасында «жаңы барак» ачылууда

 Иран менен Сауд Аравия узак жылдарга созулган тирешүүлөргө чекит коюп, Пекиндин ортомчулугу менен дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, борбор шаарларында элчиликтерин кайрадан ачышты. 17-августта Ирандын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан саудиялык кесиптешинин чакыруусу менен падышалыкка делегацияны баштап барды. Анын бул сапары өлкөлөр элдешкенден кийин падышачылыкка жасаган биринчи сапары болду. Абдуллахиан 17-августта Эр-Риядда саудиялык кесиптеши Фейсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту. Үч жарым саатка созулган сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтык, аймактык жана эл аралык окуялар талкууланды. Сауд министри…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Россияга каршы санкцияларды сактоо өтүнүчү менен кайрылган америкалык сенаторго жооп берди

Садыр Жапаров Россияга каршы санкцияларды сактоо өтүнүчү менен кайрылган америкалык сенаторго жооп берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кыскача маек куруп, анда Кыргызстан Россияга батыштын санкцияларын айланып өтүүгө көмөктөшүп жатат деген билдирүүлөргө комментарий берди. — Америкалык сенатор Роберт Менендес сиздин атыңызга кат жазып, анда Россияга каршы санкцияларды дыкат сактоо өтүнүчү менен кайрылганы тууралуу айрым ЖМКларда маалымат чыкты. Буга чейин кыргызстандык компания Кытайдан дрон же учкучсуз аппараттарды Казакстан аркылуу өткөрүү учурунда кармалганы тууралуу да маалымат чыккан эле. Дегиле өлкөбүз батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жардам берип жатат деп шектенүүгө негиз барбы? —…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң эмгекчил беш адам ким?

Дүйнөдөгү эң эмгекчил беш адам ким?

 Эмгекчилдик же иштермандык адамдын артыкчылык сапатыбы же кемчилигиби? Деги алар коомго пайда келтиришеби же зыяны тиеби? Эмгекчил адамдар дайыма жаны тынч албай иштешкендигине карабай, айрым психологдор аларды коом үчүн коркунучтуу деп эсептешет. Эгер эмгекчилдер болбосо, анда бизде Дисней мультфильмдери жана Microsoft системасы жасалмак эмес. Бул продукцияларды түзгөн адамдар эң оболу эмгекти баарынан биринчи орунга коюшкан. Бирок жаны тынбай иштегендердин баары эле өзүнүн энергиясы менен күч-кубатын пайдалуу ишке жумшап, ийгиликке жетише бербейт. Тегерегинде жумуштан башканы көрбөгөн…

Прочитайте больше

Калпак кийген Иран ТИМинин маалымат катчысы. Кыргызстандык журналисттер Ирандын тышкы иштер министрлигинде болушту. Сүрөт

Калпак кийген Иран ТИМинин маалымат катчысы. Кыргызстандык журналисттер Ирандын тышкы иштер министрлигинде болушту. Сүрөт

 Иранга сегиз күндүк пресс-тур менен барган Кыргызстандын тележурналисттери Тегеран шаарында Тышкы иштер министрлигинин кеңсесинде болушту. Аларды ТИМдин расмий өкүлү Насер Канаани кабыл алды. Кыргызстандын тележурналисттеринен турган делегация Иранга 11-июлда таанышуу сапары менен барган. Алардын катарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, “Кабар” агенттиги, “Умма” ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери бар. Делегациянын катарында эки күндүк иш сапары менен Маданият,…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5