“Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет канчага чейин сакталат?

“Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет канчага чейин сакталат?

Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург “Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет канча убакытка чейин сакталарын айтып берди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Гинцбург “Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет кеминде эки жыл же андан көп убакыт сакталышы мүмкүн деген үмүт бар экенин билдирди. “Lancet” илимий журналы коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасынын натыйжалуулугу 91,6% ды түзгөнүн тастыктады. Гинцбургдун айтымында, вакцина бардык курактык топтордо бирдей натыйжалуулукту көрсөттү. Ал “Спутник V” вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасында олуттуу…

Прочитайте больше

Иерусалим (аль Кудус) тууралуу маанилүү 10 факт

Иерусалим (аль Кудус) тууралуу маанилүү 10 факт

Иерусалим жана андагы Аль-Акса мечити тууралуу билесизби? Алар ыйык шаар жана ыйык мечит саналып, исламдын маанилүү символдорун түзөт. Төмөндө Иерусалим жана Аль-Акса тууралуу маанилүү жана кызыктуу 10 фактыны сунуштайбыз. 1- Иерусалимдеги аль-Акса мечити – Исламдын маанилүү символдорунун бири. 2- Аль-Акса – мусулмандардын биринчи кыбыласы. Аллахтан кабар келгенге чейин мусулмандар 16-17 ай бою бул мечитти карай түздөнүп намаз окушкан. 3- Аль-Акса -жердеги 2-мечит. “О, пайгамбарыбыз! Кайсы мечит жер жүзүндө биринчилерден болуп салынган?”, – деп сурашканда, ал:…

Прочитайте больше

Кытай 2020-жылы 220 миллиарддан ашуун беткап экспорттогон

Кытай 2020-жылы 220 миллиарддан ашуун беткап экспорттогон

Кытай 2020-жылы 200дөн ашуун өлкөгө жана аймакка 220 миллиарддан ашык коргоочу беткап экспорттогон. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Соода министринин орун басары Цянь Кэмин билдигенин “INTERFAX” сайты жазды. Анын айтымында, ошондой эле 2,3 миллиард коргоочу костюм жана тесттер үчүн 1 миллиард реактивдик комплект экспорттолгон. Ал Кытай эпидемияга каршы каражаттарды ири жеткирүүчү өлкө катары өзүнүн артыкчылыгын жигердүү өнүктүрүп жаткандыгын белгиледи. 2020-жылы Кытай экономикасы 2,3%га өскөн.

Прочитайте больше

Сахара чөлүндө кар жаады (фото)

Сахара чөлүндө кар жаады (фото)

Сахара чөлүндө абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаады. Аба-ырайынын өзгөчө кубулушун фотограф Карим Бучетата тарып алып, Инстаграммдагы баракчасына жарыялады. “The Sun” басылмасы белгилегендей, ысык мезгилде чөлдө температура + 50C чейин көтөрүлүшү мүмкүн, бирок ушул айда температура нөлдөнтөмөн түштү. Сахара чөлүнө биринчи жолу кар 1979-жылы 18-февралда жааган. Экинчи жолу Сахарага кар 2016-жылдын аягында – 2017-жылдын башында жааган. Анда кар Алжирдин Айн-Сефра шаарына түшкөн. Үчүнчү жолу 2018-жылдын 7-январында жааган.

Прочитайте больше

Италиядагы үйлөр бир еврого сатылууда

Италиядагы үйлөр бир еврого сатылууда

Италиянын Сицилия аралындагы Троина шаарында үйлөр бир еврого сатылууда. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “CNN” телеканалына шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик шаарга жаңы жашоочуларды тартуу үчүн атайын акция жарыялаган: шаардагы үйлөрдү 1 еврого сатыкка коюп, сатып алуучуларга үйдү ондоого акча берет.  Имараттарды жакшы абалда сатып алууга макул болгондор 8 миң еврого чейин грант алышат. Сицилиянын мэри шаардагы ондогон үйлөрдү 1 еврого сатууну чечкен. Үйдү сатып алуунун бирден-бир шарты – сатып алуучулар үйдү сатып алган күндөн тартып…

Прочитайте больше
1 3 4 5