Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Себеби

 Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Тунгуч президентке кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишим түзүүдө жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин мөөнөттү өтүп кеткендиктен иш өндүрүштөн токтотулганын билдирди.

Мурдагы президент акыркы эки жылда Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке эки ирет келип кеткен.

Биринчи жолу Акаев 2021-жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берип кеткен. Андан кийин Кумтөр иши боюнча дагы бир ирет сурак берүү үчүн декабрь айында келген.

Кийин ал кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, “Кумтөр” долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып, кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москвада башкалкалап келет.

Эми Акаев ага козголгон кылмыш иши токтотулгандан кийин мекенине ээн-эркин келип-кете алат. Бирок коомчулук аны  канчалык деңгээлде кечирүүгө даяр экени азырынча белгисиз.

Комментарий жиберүү