Россияда жаздан тарта 30 жашка чейинкилер аскерге чакырылышы мүмкүн

Россияда 2023-жылдагы жазгы аскерге чакырык 30 жашка чейинки жарандарды камтышы мүмкүн.

Бул тууралуу Мамдуманын Коргонуу комитетинин төрагасы Андрей Картаполов “Парламентская газета” басылмасына берген маегинде билдирди.

Буга чейин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу армияда милдеттүү кызмат өтөөнүн төмөнкү курагын 18ден 21 жашка көтөрүүнү сунуштаган. Жогорку чегин 30 жашка чейин жогорулатуу керектиги айтылган. Мурдагы жогорку чек 27 жашка чейин болчу. Путин демилгени колдогон.

Картаполовдун айтымында, аскер жашын жогорулатуу жараяны баскыч-баскыч менен ишке ашып, үч жылга чейинки мөөнөткө созулушу мүмкүн. Бул үчүн бир катар мыйзамдарга, анын ичинде “Аскердик милдет жана аскердик кызмат” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

“Жазгы аскерге чакырууга чейин аскер комиссариаттары карамагындагы канча киши бул талапка туура келерин тактоосу керек. Андан соң бул маалыматты тиешелүү аскердик тапшырмага шайкеш келтирүү зарыл”, – деген Картаполов.

Мамдуманын дагы бир депутаты, генерал-лейтенант Виктор Соболев аскер адистигине Россиядагы бардык жаштарды окутуу керектигин билдирди.

Ал эгер НАТО согуш ача турган болсо, масштабдуу согуш жүргүзүү үчүн Россияда даярдалган мобилизациялык резерв жок экенин белгиледи.

“Бизде ар бир он кишинин бири аскерде кызмат өтөсө, тогузу аскерде кызмат өтөгөн эмес. Алардан кандай резерв түзүлөт? Биз бардыгын өзгөртүшүбүз керек, жаштарды аскер адистигине окутуу керек”, – деди Соболев.

Россиядаа жазгы аскерге чакыруу 2023-жылы 1-апрелден 15-июнга чейин болот.

Комментарий жиберүү