Мирзиёев: Өзбекстан коргонуу үчүн тышкы күчтөргө таянбайт

 Өзбек лидери республика азыркы замандын бардык чакырыктарына колунда болгон күчтү гана колдонуу менен туруштук бере аларына ишенет.

Өзбекстан геосаясий чыңалуу шарттында өзүнүн суверенитетин коргоо үчүн тышкы күчтөргө таянбайт, деди  өзбек лидери Шавкат Мирзиёев маалымат жыйынында.

Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлады.Маалыматка караганда, 13-январда Мирзиёевдин төрагалыгы алдында Улуттук коргонууну көзөмөлдөө борборунда Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйыны өттү. Иш-чара салттуу түрдө Өзбекстанда 1992-жылдан бери 14-январда белгиленип келе жаткан Мекенди коргоочулар күнүн утурлай өттү.

“Бизге күчтү сырттан издөөнүн кереги жок. Биздин даңктуу тарыхыбыз, бай илимий жана маданий мурастарыбыз бар”, – деди ал.

Анын айтымында, Борбордук Азияда коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары күч алууда.

“Кандай жагдай болбосун биз Өзбекстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, чек арасынын кол тийбестигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга милдеттүүбүз”, – деп баса белгиледи Мирзиёев.

Ал улуттук армияны заманбап техникалар менен камсыз кылуу, анын ичинде аскердик авиация жана абадан коргонуу системаларын өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады.

Буга чейин Өзбекстан дүйнөлүк армиялардын күчүн баалаган Global Fire Power (GFP) порталынын рейтингинде 62-орунга жайгашып, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден жогору турганы белгилүү болгон.

Порталдын 2023-жылдагы аскердик кубаттуулугу боюнча рейтингинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 145 өлкөнүн ичинен 107-орунду, Казакстан 63-орунда (мурда 64-орунга), Түркмөнстан – 82 (мурда 83-орунга) жана Тажикстан – 120 (мурда 111-орунга) турган. 

Комментарий жиберүү