Лукашенко 17жылдан бери биринчи жолу Иранга расмий сапар менен барды

 Беларустун президенти Александр Лукашенко 12-март күнү кечинде Иранга расмий сапар менен барып бүгүн, 13-мартта Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту.

Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды.

Лукашенконун буга чейинки Иранга сапары 2006-жылы болгон. Ал ирандык кесиптеши Раиси менен 2022-жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде да жолугушкан.

Буга чейин Лукашенконун учагы Мехрабад эл аралык аэропортуна конуп, аны Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Реза Фатеми Амин тосуп алганы кабарланган.

Раиси Лукашенкону «Саадабад» сарайынан тосуп алды

Маалыматка караганда, жолугушуусунун расмий аземи Тегеран шаарындагы «Саадабад» ак сарайлар комплексинде өткөрүлдү.

Беларустун президентин «Саадабад» ак сарайлар комплексинин «Жумхури» имаратынын алдында Ирандын президенти Ибрахим Раиси тосуп алды.

Расмий  жолугушуу аземинен кийин мамлекет башчылары салт боюнча алгач тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү, андан соң сүйлөшүүлөр кеңири форматта улантылды.

Ирандын президенти Раиси жолугушуу башталар алдында беларусь-иран мамилелери акыркы эки жылда чыныгы бурулушту көрсөткөнүн белгилеген.

Иран президентинин сөзү негиздүү: 2022-жылы Беларусь менен Ирандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 100 миллион доллардан ашкан, бул 2021-жылга салыштырмалуу үч эсеге көп. Ошол эле учурда Беларустун Иранга экспорту дээрлик алты эсеге көбөйүп, 81,3 миллион долларга жеткен.

Эки өлкө бири-бири менен соода-сатыкты барган сайын жигердүү жүргүзүүдө жана Батыш менен татаал мамилелер жана санкциялар бул процессти стимулдаштырууда. Буга чейин эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда Иран менен Беларустун ортосундагы кызматташтык боюнча жол картасына кол коюлары айтылган.

Лукашенко Раиси менен жолугушуудан тышкары, Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи, ошондой эле Ислам Республикасынын бир катар башка жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Иран санкцияларга каршы туруу боюнча тажрыйбасын Беларусь менен бөлүшүүгө даяр

Иран санкцияларга каршы туруу тажрыйбасын Беларусь менен бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу Ирандын президенти Ибрахим Раиси Лукашенко менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

“Иран Ислам Республикасына каршы колдонулуп жаткан коркутууларга жана санкцияларга карабастан, бул убакыт ичинде биз жогорку натыйжаларга жетишип, санкцияларды мүмкүнчүлүккө айланта алдык. Биз бул багытта дос өлкө Беларусь менен тажрыйба бөлүшүүгө даярбыз”, – деди Раиси.

Ирандын президенти Беларусь лидеринин сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн башаты боло аларына ишеним артарын билдирди.

Анын айтымында, Иран Беларусь менен эл аралык уюмдардын платформаларында, атап айтканда, Шанхай кызматташтык уюмунда жана ЕАЭБде да мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар.

«Бизде бул жаатта абдан жакшы, жемиштүү сүйлөшүүлөр болду», – деди Раиси.

Беларус менен Ирандын кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар

Лукашенко Ирандын президенти менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Минск менен Тегерандын кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Ал 2023-жылдын 18-мартында Беларус менен Иран маанилүү окуяны – дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын белгиледи. “Бул биздин кызматташуубузду жаңы деңгээлге көтөрүүгө жакшы себеп. Мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Бүгүн биз президент Раиси менен бул мүмкүнчүлүктөн пайдаландык”, – деди ал.

Лукашенко Иран менен бардык тармактарда, анын ичинде гуманитардык тармакта да кызматташа турганлыгын, гуманитардык тармак кызматташуунун негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ал Ирандын президентине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Иран элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Ал ошондой эле Ибрахим Раисини Минскиге ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Ар тараптуу кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду

Лукашенко менен Раиси Тегерандагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2023-2026-жылдарга өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташуунун жол картасына кол коюшту, деп билдирди БЕЛТА агенттиги.

Лукашенко ирандык кесиптеши менен жолугушууда Минск кол коюлган келишимдерди аткаруу үчүн зарыл болгон иштердин баарын жасайт деп ишендирди.

«Бизге ишенсеңер болот», – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Жол картасы Беларус менен Ирандын саясий, экономикалык, консулдук, илимий-техникалык тармактарда, ошондой эле билим берүү, маданият, искусство, медиа жана туризм тармагында ар тараптуу кызматташуусун карайт.

Документти иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча макулдашуу 2021-жылдын сентябрь айында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында Александр Лукашенко менен Ибрахим Раисинин жолугушуусунда жетишилген.​

​Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ошондой эле Беларусь менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чаралардын планына, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге, эркиндигинен ажыратууга кесилген адамдарды жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн өткөр€п берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.​

​Андан сырткары, Беларустун Маданият министрлиги менен Ирандын Маданият жана ислам багыты министрлигинин ортосунда, соода маселелери боюнча экономикалык кызматташтык боюнча беларусь-иран комиссиясынын теңтөрагаларынын ортосунда, ошондой эле Белорустун стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитети менен Ирандын стандартташтыруу боюнча улуттук уюмунун ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.

Иран Беларустун ШКУга толук кандуу мүчө болуу демилгесин колдойт

Буга чейин Иран Беларустун Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) толук кандуу мүчө болуу демилгесин колдой тургандыгын Ислам Республикасынын Минсктеги элчиси Саид Яри билдирген.

«Беларусь бул уюмга кирүү процедурасын баштаганын билебиз жана биз, албетте, муну колдойбуз», – деп баса белгилеген дипломат.Элчи ошондой эле Иран менен Беларус эл аралык аренада бири-бирин колдоп, Батыштын санкцияларына жана башка басмырлоочу кадамдарына каршы күрөшүүсү керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын сентябрында Душанбе шаарында өткөн ШКУ саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу процедурасы башталган.

Уюмдун 2022-жылы Самаркандда өткөн саммитинин жыйынтыгында Иран ШКУга мүчө болуп калбыл алынган. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян менен уюмдун башкы катчысы Чжан Мин кол коюшкан.

ШКУнун баш катчысы Чжан Мин бул күндү Иран үчүн да, уюм үчүн да маанилүү деп атап, “Ирандын ШКУга кириши уюмду бекемдейт деп билдирген.

Былтыр жайында Беларусь дагы бул уюмга кирүүгө арыз берип, мүчөлүккө кабыл алуу процесси башталган. Буга чейин республика ШКУда байкоочу өлкө болгон.

Комментарий жиберүү