Эмгекчилдик же иштермандык адамдын артыкчылык сапатыбы же кемчилигиби? Деги алар коомго пайда келтиришеби же зыяны тиеби?
Эмгекчил адамдар дайыма жаны тынч албай иштешкендигине карабай, айрым психологдор аларды коом үчүн коркунучтуу деп эсептешет. Эгер эмгекчилдер болбосо, анда бизде Дисней мультфильмдери жана Microsoft системасы жасалмак эмес. Бул продукцияларды түзгөн адамдар эң оболу эмгекти баарынан биринчи орунга коюшкан.
Бирок жаны тынбай иштегендердин баары эле өзүнүн энергиясы менен күч-кубатын пайдалуу ишке жумшап, ийгиликке жетише бербейт. Тегерегинде жумуштан башканы көрбөгөн жөнөкөй адам ага көзкаранды жана эч кимге кереги жок болуп калат. Натыйжада ал өзү гана эмес, жакын адамдары да жабыр тартышат.
Эмгекчил адамды кантип билсе болот?
Бул адам – перфекционист, ал баарын иделдуу жасоого аракет кылат, бирок дайым эле өзү жасаган ишине өзү ыраазы боло бербейт. Ал башкалардан артык болууга аракет кылып, эч ким андай “туура” жасай албайт деп эсептейт. Бул гипер же ашкере жоопкерчилик негиздүү себеби болсо, болбосо деле дайыма өзүн-өзү көзөмөлдөгөн адатты жаратат. Мындай ынжыктыкка (занудство) ким чыдайт?
Эмгекчил адамдар көпчүлүк учурда бала кезинде мактоо сөз укпаган, ар кандай кемчиликтери үчүн жеме уккан адамдардан чыгат. Демек, андан өзүнө көңүл бурдурууну, демек ага жетпеген “чоң бала” өсүп чыгат.
Бирок тарыхтан эмгекчил адамдар тууралуу биз башка да мисалдарга туш болобуз – кандайдыр-бир кемчилиги (комплекс) үчүн эмес, өзгөчө жөндөмдүүлүк касиети же таланты бар адамдар улуу максатына жетүү үчүн иштерман болуп кетишет.
Дүйнөдөгү эң иштерман беш адам
Microsoft компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтс өзүнүн долбоорунун үстүнөн алты жыл иштеп, бул аралыкта болгону эки жума эс алган. Анын ишке болгон кызыгуусунан бир гана дайыма киного барып турган учуру алагды кылган.
Жетим балдардын умай энеси болгон Тереза айым өзүнүн жасаган кайрымдуулук иштеринен дайыма ырахат алып турган. Ал өзү аз уктап, жеке турмушун курмандыкка чалган, бирок бактылуу болгон.
Англиялык жазуучу, корреспондент публицист Жек Лондон суткасына 20 саат уктап, күндө миң сөз жазган. Бул адам 40 жылда 200дөн ашык аңгемелерди, 40ка жакын китеп жана көптөгөн макалаларды жазган.
Англиянын премьер-министри Маргарет Тэтчерди бекеринен “темир аял” деп аташкан эмес. Ал дайыма “Мен иштөө үчүн төрөлгөнмүн” деп айтчу.
Улуу мультипликатор Уолт Дисней өзүнүн кыялдарын катаал тартип жана иштермандыктын арты менен гана ишке ашырган. Кээде ал суткасына эки сааттан гана уктаган.
Эмгекчилдиктен кантип арылуу керек?
Эң жөнөкөй кеңештердин катарында: спорт, жаңы хобби, бир күн эртеден кечке иш кылбай эс алуу. Мындай кеңештер баардык жерлерде эле жазылган, болгону аны иш жүзүнө ашырып көрүш керек. Мындан тышкары сүйүү да эмгекчилдиктен алагды кылат.
Ар кандай онлайн-оюндар да адамды иштермандык (трудоголик) адаттан алагды кылат. Бирок психологдор интернеттеги оюндардын пайдасы да, зыяны да бар деп эсептешет. Британиялык окумуштуулардын пикиринде, гемблингдин жардамы менен оңой эле жеңилдеп, өзүңдүн көйгөйлөрүңдү унутсаң болот. Ал стрессти жоготуп, баардык эмоцияларды сыртка чыгарууга жардам берет жана эстутумду калыбына келтирет. Бир гана мындай оюндар эмгекчилдик сыяктуу көз карандылыкка алып келиши мүмкүн.