Сауд Аравиянын элчилиги төрт күн мурда Тегеранда өз ишин кайра баштады.
“Сауд Аравиянын элчилиги 6-августа, жекшемби күнү Ирандын борбор калаасында өз ишин расмий түрдө кайра баштады”,- деп айтты Иран тышкы иштер министрлигинин булагы.
Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Пекиндеги үч тараптуу сүйлөшүүлөр Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр жарашуу менен аяктап, жакын арада дипломатиялык мамилелерди баштоо сүйлөшүлүп, эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу чечими кабыл алынган.
6-июнда Ирандын Эр-Рияд жана Жиддадагы элчилиги менен консулдугу жана Ислам Республикасынын Ислам кызматташтыгы уюмундагы атайын өкүлчүлүгү өз ишин баштаган.